Get Mystery Box with random crypto!

Сүйүү саптары. Поэзия.

Telegram kanalining logotibi suiuusaptary — Сүйүү саптары. Поэзия. С
Telegram kanalining logotibi suiuusaptary — Сүйүү саптары. Поэзия.
Kanal manzili: @suiuusaptary
Toifalar: Adabiyot
Til: Oʻzbek tili
Obunachilar: 4.76K
Kanalning ta’rifi

"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim жазыңыз

Ratings & Reviews

2.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

1


Oxirgi xabar

2022-08-30 21:25:09 Расул ГАМЗАТОВ
 
УКТА ЖАНЫМ…
 
Июль түнү, саат сокту алтыны,
Укта эми…Ырым тыңшап  каралдым.
Сен сүзүлүп  уктап бара жатканда,
Бешик сымал терметүүгө даярмын.
 
Укта жаным…саат сокту алтыны.
«Бейпил түн» деп күбүрөнөм кайталап,
Сезет жүрөк бул учурдун кайтпасын.
Ушул таттуу эки сөздү шыбырап,
 
Менден кийин эч ким сага айтпасын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
…Укта сулуу, сонун-сонун түш көрүп,
Мен турайын  көз жүгүртүп  талаага,
 
Куштарга айтам убагында сайрасын,
Жылдыз тарап, таң агарсын жана да.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
Таң жаңырса ушул түндүн өткөнү,
 
Бул күнү да көңүл бирге ырдасын.
«Кутман тан» деп ойгонгондо жаныңда,
Менден кийин эч ким күтүп турбасын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
 

Которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ
625 views~UlukbekTalkanbaev, 18:25
Ochish/sharhlash
2022-08-28 09:59:58 ***

Сен гүлдөйсүң, мүнөт сайын гүлдөйсүң,
Сен үрдөйсүң, үрдү кантип сүйбөйсүң?!
Адамдарды сүрдөткөндү мындай кой,
Балким өзүң өзүңдөн да сүрдөйсүң.

Таттыбүбү келген сымал тирилип.
Карагым и-ий, карагым бар тигилип.
Кымбатым ай, сымбатыңа сын жетпейт,
Ай нуруна алгансыңбы киринип?

Ах, кептериң көкүрөктөн муңду алган,
Ак кептерим, ак беттерин нур чалган.
Өзүң жокто өмүр отко кептелип,
Мени жээрип, мени жеңип турчу арман.

Багым болдуң капилеттен кабылган,
Табылгам ай, сенде беле кабыргам?
Өрүк сымал жүзүңдөн бир өбүүгө,
Өлүк дагы тирилсем дейт кабырдан.

Тилегим бул: билегимди жазданып,
Бир ээгим өөп, бир эрдим өөп назданып.
"Зирегиңмин. А сиз мага ким?"-десең,
Тирегиңмин демек элем мактанып

Канат Таалайбеков
28.08.22
954 viewsМээрим Эркинбек Кызы, edited  06:59
Ochish/sharhlash
2022-08-27 21:28:09 Жандап мени, жарык сунар, туу сураар,
Жүрөгүмдө махабаттын суусу бар.
Кереги жок башкалардын мээрими,
Кереги жок жигиттер да жуучулар.

Чоочун жандын "чоң белеги" курусун,
Жолотпоймун сезимиме куру түн.
Кези келип, сурап кирсе үйүмө,
Кабыл алам ашыгымдын сунушун.

Арзууларым назик азыр, "жаш эгин",
Таттым жаңы таттуу даамын, аселин.
Тагдырымдын таңын баштап бир гана,
Тагынамын түгөйүмдүн шакегин.

Бата тилейм, бактым түгөл жашасын,
Башкалардын кайталабай катасын.
Кудай буйруп, келин болсом кут төгүп,
Кубантамын Хан төрөмдүн апасын.

Кармай бербей ар "ышкынын" этегин,
Жетет, өзгө дүйнөлөрдөн кечемин.
Кайсы күнү жолдошума жолугуп,
Жетелесе, жолу менен кетемин.

Мээрим Эркинбек кызы.
1.1K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 18:28
Ochish/sharhlash
2022-08-25 07:36:56 Билемин сен да кайгыны тарттың нечендеп,
Буйруса баары бир күнү өтүп кетээр деп.
Мээримим төгүп колуңдан бекем кармоого,
Мен келдим сага баркыңа сенин жетем деп.

Жаркырап перим жарыгың чачтың жолума,
Жүрөгүм сен деп адаттан башка согууда.
Мына ушул күндөн жылмаюу болсун жүзүңдө,
Мен келдим сага бакытың сенин болууга.

Өтмүштө тарткан унтулсун бардык күйүтүң,
Өзгөгө бербе сезимдин мендик үлүшүн.
Мерээз бул тагдыр азапка салат жаш жанды,
Мен келдим сага сүйүлүп жана сүйүү үчүн.

Туу туткан жандар ыраактап бизден кетишти,
Таң калбайм уксам алар да балким өчүштү.
Бакытты куруп алдыга кадам таштоого,
Биз барбыз бизде ушунун өзү жетиштүү.

Сезимим барктап алуучу адам өзүңсүң,
Сен барсың менде ушунун өзү жетиштүү.

Алмаз Каныбеков 2.10.2021.
1.7K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 04:36
Ochish/sharhlash
2022-08-25 07:28:38 Ар түрдүү мааракелерге:

туулган күн;
майрам;
ийгиликтерди куттуктоо;
сүйүктүүңүзгө ыр арноо;
өз атыңызга ыр;
ата-энеңизге ыраазычылык билдирүу иретинде ыр жаздырууну кааласаңыз, заказ алабыз!

Байланыш телефону: 0508147770.
1.5K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 04:28
Ochish/sharhlash
2022-08-24 15:16:07 Жашап жүрүп кубарыңкы өң менен,
Турмушумда чөктүм, бирок өлбөгөм.
Мен бакытты эбак эле жоготуп,
Кайра сенден бакыт тапкан өңдөнөм.

Себеп таппай жүргөн кезде күлгөнгө,
Сен жаралдың окшоп сонун гүлдөргө.
Келдиң дагы каткырганды үйрөттүң,
Мен өзүмдү күлбөс сезип жүргөндө.

Сыйлагандар бизди алга сүрөсүн,
Жек көргөндөр ичи күйүп жүдөсүн.
А сен болсо жарык чачып күн сымал,
Дайым мага жылмаясың, күлөсүң.

Турмуш өзү мыйзамдарын түптөгөн,
А биз аны жеңе албайбыз күч менен.
Бирок билбейм тагдыр кандай куралган,
Балким бизге сүйүү берет бүтпөгөн.

Сүйүү берсе бизге бакыт конгону,
Мейли, берсин, сүйүү деген оңдолуу.
Бирок бизди бийик жерге көтөрүп,
Кайра жерге чаппаса экен болгону.

Ав: Бакай Акматкулов
1.8K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 12:16
Ochish/sharhlash
2022-08-23 13:06:26 Ээси сендей менде жүргөн акылдын,
Өзүң барда жөн киши мен... акынмын.
Махабаттын бир дербиши сыяктуу,
Сен сулуулук башаты деп баш урдум.

Сулуулугун менден аяп жашырба,
Сен сулуусун үр кыздардай асыл баа.
Жаз жыттанып жазып ийсең чачынды,
Аба толот жыпар жыттуу атырга.

Кундуз чачың көөдөй кара агылган,
Билсең эгер сени абдан сагынгам.
Ишеним бар жүрөгүмдө өчпөгөн,
Жолугуунун жолун издеп башым маң.

Күн, түн жүрөм ойдо жалгыз сени издей,
Ишаарат кыл элге дербиш дегизбей.
Кусалыктан көзүм чөлдө жанган от,
Жүрөк болсо онтоп жаткан деңиздей.

Жоке Бекмуратов
1.9K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 10:06
Ochish/sharhlash
2022-08-18 20:36:40 Бүгүн сизди күндөгүдөн көп сүйдүм...
Бүтүн дүйнөм атыңызды кайталап,
Бир толкуйт да, кайра тынчып, жай табат...

Кечээкиден бүгүн катуу сагындым...
Таңда, күндүз, түштө, анан кечте бүт,
Ойдо жалгыз сиз турасыз эстелип!

Кимден билбейм, бирок, бүгүн кызгандым,
Жат бирөөдөн, балким өзүм өзүмдөн,
Күндөн, Айдан, тамчыдандыр төгүлгөн?...

Жүрөк сизден түнөк тапты, жан шерик.
Көпөлөкчө кызыл чокту айланган,
Күлкүм, бүткүл күн, түн сизге байланган...

Чындап сизге ашык кызга айлангам...

Эркинбек кызы Мээрим.
2.9K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 17:36
Ochish/sharhlash
2022-08-18 04:32:02 Сен себепсиң дилге сезим түнөтсөм,
Сага арналып көңүлүмдө гүл өскөн.
Жети асманын аралатат бакыттын,
(У)шул жиберген кичинекей жүрөкчөң...

#бакыттүн

Э.к.М.
2.7K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 01:32
Ochish/sharhlash
2022-08-17 19:47:17 * * * *
Жүрөк ооруйт, көңүлүмдүн баары сен,
Көңүл толкуйт , ойлорумда деле сен.
Чалдыгыпмын сүйүү деген ооруга ,
Буга даары ,дабаасыда жалгыз сен.


Мындай сезим кыйнайт тура бүт жанды,
Оолугамын санаа тартып жанымды .
Бул оорудан сакаярмын бир күнү,
Айыктырчы жеңилдетчи дартымды.


Кудайберген Турсуналиев.
2.6K views~UlukbekTalkanbaev, 16:47
Ochish/sharhlash