Get Mystery Box with random crypto!

Жандап мени, жарык сунар, туу сураар, Жүрөгүмдө махабаттын су | Сүйүү саптары. Поэзия.

Жандап мени, жарык сунар, туу сураар,
Жүрөгүмдө махабаттын суусу бар.
Кереги жок башкалардын мээрими,
Кереги жок жигиттер да жуучулар.

Чоочун жандын "чоң белеги" курусун,
Жолотпоймун сезимиме куру түн.
Кези келип, сурап кирсе үйүмө,
Кабыл алам ашыгымдын сунушун.

Арзууларым назик азыр, "жаш эгин",
Таттым жаңы таттуу даамын, аселин.
Тагдырымдын таңын баштап бир гана,
Тагынамын түгөйүмдүн шакегин.

Бата тилейм, бактым түгөл жашасын,
Башкалардын кайталабай катасын.
Кудай буйруп, келин болсом кут төгүп,
Кубантамын Хан төрөмдүн апасын.

Кармай бербей ар "ышкынын" этегин,
Жетет, өзгө дүйнөлөрдөн кечемин.
Кайсы күнү жолдошума жолугуп,
Жетелесе, жолу менен кетемин.

Мээрим Эркинбек кызы.