Get Mystery Box with random crypto!

Сүйүү саптары. Поэзия.

Telegram kanalining logotibi suiuusaptary — Сүйүү саптары. Поэзия. С
Telegram kanalining logotibi suiuusaptary — Сүйүү саптары. Поэзия.
Kanal manzili: @suiuusaptary
Toifalar: Adabiyot
Til: Oʻzbek tili
Obunachilar: 4.76K
Kanalning ta’rifi

"Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет!"
Элмирбек Иманалиев🖋
сиз издеген сүйүү ырлары бизде!

Реклама жана кызматташуу боюнча👇
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim жазыңыз

Ratings & Reviews

2.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

1


Oxirgi xabar 2

2022-08-17 16:55:19 Махабаттын отуна күйүп өтөм
Ак сүйүүмдү башыңа үйүп өтөм
Тентектигин кыла бер өмүр бою
Тентек кызды түбөлүк сүйүп өтөм

Бал сөзүмдү сага деп арнап өтөм
Ак сүйүүңдү туу тутуп кармап өтөм
Сен да менин жанымдан алыстаба
Мен да сени бир өмүр жандап өтөм

Көздөрүңдү сүйөм да балбылдаган
Өтсүн мүнөт мезгилдер ай жылдаган
Экөөбүздү түбөлүк бирге кылып
Ак махабат кармасын айрылбаган

Ав: Бакай Акматкулов
2.5K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 13:55
Ochish/sharhlash
2022-08-17 06:55:31
Ассаламу алейкум урматтуу каналдын катталуучулары! Жардамыңыздарга муктажбыз...
3.0K views~UlukbekTalkanbaev, 03:55
Ochish/sharhlash
2022-08-14 10:09:25 КҮТҮҮ

Кар кетпес кайрылыштан
Кайтышат кайра куштар.
О билем, ортобузда
Белгисиз байланыш бар.

Байланыш — жашоо, кардай,
Нурлардай, асабадай,
Күйүттөн бийик канча
Күтүүгө жазаланган.

... Келесиң мени издеп,
Кекенич, кээриң ичте.
Эшилип төккөн жамгыр
Эскирет көнүмүштөй.

Турпатың тумандаган,
Тосмолор, дубалдар да
ыраактайт. Сен каласың,
Мен калам. Турам карап:

Кездерден, убакыттан—
Көздөрүң ыза жуткан
Жан эмес, бүткөнсүйсүң
Кумардан, кусалыктан.

Ашташкан жолубуз да,
Колубуз колубузга.
Жарашат, о жараткан
Оюбуз, боюбуз да...

А неге жанат көздөр,
Ат-жөнсүз жашоо күсөп?
Бул күтүү кайдан келди?
Бул күтүү качан бүтөт?!


Алым Токтомушев.
3.0K viewsМээрим Эркинбек Кызы, edited  07:09
Ochish/sharhlash
2022-08-13 16:54:58
2.8K views~UlukbekTalkanbaev, 13:54
Ochish/sharhlash
2022-08-12 13:12:35 Кааласаң сага ата болом,
Кааласаң сага апа болом.
Сунушту четке каксаң эгер,
Сага мен абдан капа болом.


Улукбек Талканбаев.
3.1K views~UlukbekTalkanbaev, 10:12
Ochish/sharhlash
2022-08-12 10:17:42
Омор Султанов.
2.9K views~UlukbekTalkanbaev, 07:17
Ochish/sharhlash
2022-08-11 10:27:32 ӨМҮРЛӨШҮМ БОЛЧУ МЕНИН

Арманымды козготосуң,
Анча неге боздотосуң.
Дартты салып көкүрөккө,
Дербиш жанга окшотосуң.
Кыйнай берген күндөрүңдү,
Качан эркем токтотосуң,
Айтчы качан токтотосуң?

Сүйүүм чексиз сага болгон,
Булганбаган, таза бойдон.
Кусалыкка батырбачы,
Көөдөнүмө санаа толгон.
Көшөгөмө келсең боло,
Кош айтышпай ара жолдон.
Кетем дебей ара жолдон!

Ак батасын берсин элим,
Аянбастан чаччы мээрим.
Садагасы ишенип кой,
Сен деп согот ар бир демим.
Ак жоолугун салынып сен,
Апакеме болчу келин,
Өмүрлөшүм болчу менин!!!

МАЛИК НАЗАРМАТОВ!!!
3.1K viewsМээрим Эркинбек Кызы, edited  07:27
Ochish/sharhlash
2022-08-09 10:13:52 Өзүң комуз, андан чыккан өзүң күү,
Өзүң үчүн сактап жүрөм өзүмдү.
Мен сен үчүн жоголууга даярмын,
Сен мен үчүн жоготпогун өзүңдү...

КҮРҮЧБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ
3.4K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 07:13
Ochish/sharhlash
2022-08-08 12:43:19 Тамаша кебиң таалайсыз мени азгырып,
Татына күлкүң ызгаардуу кышым жаз кылып.
Табышмак түйүн өзүнөн-өзү чечилип,
Тааныган сайын тартылып барам,тартылып...

Жароокер жүзүм күлкүгө бөлөп шат кылып,
Жаныңа шашам демимди баспай,аптыгып.
Жарымым толуп,жарык ай болдуң садага,
Жан тартып сизге жактырып барам,жактырып...

Соолуган элем...Гүлдөдүм кайра жанданып,
Соороттуң мени өмүрлөш жанга айланып.
Санаамдын кыркып чаташкан узун жиптерин,
Сагынып сизди арбалып барам,арбалып...

Жигердүү,чебер,келечек күнгө камданып,
Жигиттик сиздин жасаган ишке таң калып.
Жүрөккө жүрөк тартылып эски тааныштай,
Жиби жок сизге байланып барам,байланып...

Сен келдиң,ага.Оңолдум кайра бүлүнүп,
Сезимдин жааны алмадай жерге күбүлүп.
Сүйлөтпөй мени сүрдөткөн ушул күндөрдө,
Сүйүп да улам сүйүлүп барам,сүйүлүп...
Сүйлөтпөй мени сүрдөткөн ушул күндөрдө,
Сүйүп да улам сүйүлүп барам,сүйүлүп...


Автор: Күрүчбек кызы Мээрим
3.6K viewsМээрим Эркинбек Кызы, 09:43
Ochish/sharhlash