Get Mystery Box with random crypto!

Жашап жүрүп кубарыңкы өң менен, Турмушумда чөктүм, бирок өлбөг | Сүйүү саптары. Поэзия.

Жашап жүрүп кубарыңкы өң менен,
Турмушумда чөктүм, бирок өлбөгөм.
Мен бакытты эбак эле жоготуп,
Кайра сенден бакыт тапкан өңдөнөм.

Себеп таппай жүргөн кезде күлгөнгө,
Сен жаралдың окшоп сонун гүлдөргө.
Келдиң дагы каткырганды үйрөттүң,
Мен өзүмдү күлбөс сезип жүргөндө.

Сыйлагандар бизди алга сүрөсүн,
Жек көргөндөр ичи күйүп жүдөсүн.
А сен болсо жарык чачып күн сымал,
Дайым мага жылмаясың, күлөсүң.

Турмуш өзү мыйзамдарын түптөгөн,
А биз аны жеңе албайбыз күч менен.
Бирок билбейм тагдыр кандай куралган,
Балким бизге сүйүү берет бүтпөгөн.

Сүйүү берсе бизге бакыт конгону,
Мейли, берсин, сүйүү деген оңдолуу.
Бирок бизди бийик жерге көтөрүп,
Кайра жерге чаппаса экен болгону.

Ав: Бакай Акматкулов