Get Mystery Box with random crypto!

*** Сен гүлдөйсүң, мүнөт сайын гүлдөйсүң, Сен үрдөйсүң, үрдү | Сүйүү саптары. Поэзия.

***

Сен гүлдөйсүң, мүнөт сайын гүлдөйсүң,
Сен үрдөйсүң, үрдү кантип сүйбөйсүң?!
Адамдарды сүрдөткөндү мындай кой,
Балким өзүң өзүңдөн да сүрдөйсүң.

Таттыбүбү келген сымал тирилип.
Карагым и-ий, карагым бар тигилип.
Кымбатым ай, сымбатыңа сын жетпейт,
Ай нуруна алгансыңбы киринип?

Ах, кептериң көкүрөктөн муңду алган,
Ак кептерим, ак беттерин нур чалган.
Өзүң жокто өмүр отко кептелип,
Мени жээрип, мени жеңип турчу арман.

Багым болдуң капилеттен кабылган,
Табылгам ай, сенде беле кабыргам?
Өрүк сымал жүзүңдөн бир өбүүгө,
Өлүк дагы тирилсем дейт кабырдан.

Тилегим бул: билегимди жазданып,
Бир ээгим өөп, бир эрдим өөп назданып.
"Зирегиңмин. А сиз мага ким?"-десең,
Тирегиңмин демек элем мактанып

Канат Таалайбеков
28.08.22