Get Mystery Box with random crypto!

Ээси сендей менде жүргөн акылдын, Өзүң барда жөн киши мен... а | Сүйүү саптары. Поэзия.

Ээси сендей менде жүргөн акылдын,
Өзүң барда жөн киши мен... акынмын.
Махабаттын бир дербиши сыяктуу,
Сен сулуулук башаты деп баш урдум.

Сулуулугун менден аяп жашырба,
Сен сулуусун үр кыздардай асыл баа.
Жаз жыттанып жазып ийсең чачынды,
Аба толот жыпар жыттуу атырга.

Кундуз чачың көөдөй кара агылган,
Билсең эгер сени абдан сагынгам.
Ишеним бар жүрөгүмдө өчпөгөн,
Жолугуунун жолун издеп башым маң.

Күн, түн жүрөм ойдо жалгыз сени издей,
Ишаарат кыл элге дербиш дегизбей.
Кусалыктан көзүм чөлдө жанган от,
Жүрөк болсо онтоп жаткан деңиздей.

Жоке Бекмуратов