Get Mystery Box with random crypto!

Билемин сен да кайгыны тарттың нечендеп, Буйруса баары бир күн | Сүйүү саптары. Поэзия.

Билемин сен да кайгыны тарттың нечендеп,
Буйруса баары бир күнү өтүп кетээр деп.
Мээримим төгүп колуңдан бекем кармоого,
Мен келдим сага баркыңа сенин жетем деп.

Жаркырап перим жарыгың чачтың жолума,
Жүрөгүм сен деп адаттан башка согууда.
Мына ушул күндөн жылмаюу болсун жүзүңдө,
Мен келдим сага бакытың сенин болууга.

Өтмүштө тарткан унтулсун бардык күйүтүң,
Өзгөгө бербе сезимдин мендик үлүшүн.
Мерээз бул тагдыр азапка салат жаш жанды,
Мен келдим сага сүйүлүп жана сүйүү үчүн.

Туу туткан жандар ыраактап бизден кетишти,
Таң калбайм уксам алар да балким өчүштү.
Бакытты куруп алдыга кадам таштоого,
Биз барбыз бизде ушунун өзү жетиштүү.

Сезимим барктап алуучу адам өзүңсүң,
Сен барсың менде ушунун өзү жетиштүү.

Алмаз Каныбеков 2.10.2021.