* * * * Жүрөк ооруйт, көңүлүмдүн баары сен, Көңүл толкуйт , о | Сүйүү саптары. Поэзия.
* * * *
Жүрөк ооруйт, көңүлүмдүн баары сен,
Көңүл толкуйт , ойлорумда деле сен.
Чалдыгыпмын сүйүү деген ооруга ,
Буга даары ,дабаасыда жалгыз сен.
Мындай сезим кыйнайт тура бүт жанды,
Оолугамын санаа тартып жанымды .
Бул оорудан сакаярмын бир күнү,
Айыктырчы жеңилдетчи дартымды.
Кудайберген Турсуналиев.