Get Mystery Box with random crypto!

Бүгүн сизди күндөгүдөн көп сүйдүм... Бүтүн дүйнөм атыңызды кай | Сүйүү саптары. Поэзия.

Бүгүн сизди күндөгүдөн көп сүйдүм...
Бүтүн дүйнөм атыңызды кайталап,
Бир толкуйт да, кайра тынчып, жай табат...

Кечээкиден бүгүн катуу сагындым...
Таңда, күндүз, түштө, анан кечте бүт,
Ойдо жалгыз сиз турасыз эстелип!

Кимден билбейм, бирок, бүгүн кызгандым,
Жат бирөөдөн, балким өзүм өзүмдөн,
Күндөн, Айдан, тамчыдандыр төгүлгөн?...

Жүрөк сизден түнөк тапты, жан шерик.
Көпөлөкчө кызыл чокту айланган,
Күлкүм, бүткүл күн, түн сизге байланган...

Чындап сизге ашык кызга айлангам...

Эркинбек кызы Мээрим.