Get Mystery Box with random crypto!

Расул ГАМЗАТОВ   УКТА ЖАНЫМ…   Июль түнү, саат сокту алтыны, У | Сүйүү саптары. Поэзия.

Расул ГАМЗАТОВ
 
УКТА ЖАНЫМ…
 
Июль түнү, саат сокту алтыны,
Укта эми…Ырым тыңшап  каралдым.
Сен сүзүлүп  уктап бара жатканда,
Бешик сымал терметүүгө даярмын.
 
Укта жаным…саат сокту алтыны.
«Бейпил түн» деп күбүрөнөм кайталап,
Сезет жүрөк бул учурдун кайтпасын.
Ушул таттуу эки сөздү шыбырап,
 
Менден кийин эч ким сага айтпасын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
…Укта сулуу, сонун-сонун түш көрүп,
Мен турайын  көз жүгүртүп  талаага,
 
Куштарга айтам убагында сайрасын,
Жылдыз тарап, таң агарсын жана да.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
Таң жаңырса ушул түндүн өткөнү,
 
Бул күнү да көңүл бирге ырдасын.
«Кутман тан» деп ойгонгондо жаныңда,
Менден кийин эч ким күтүп турбасын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
 

Которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ