Get Mystery Box with random crypto!

ӨМҮРЛӨШҮМ БОЛЧУ МЕНИН Арманымды козготосуң, Анча неге боздо | Сүйүү саптары. Поэзия.

ӨМҮРЛӨШҮМ БОЛЧУ МЕНИН

Арманымды козготосуң,
Анча неге боздотосуң.
Дартты салып көкүрөккө,
Дербиш жанга окшотосуң.
Кыйнай берген күндөрүңдү,
Качан эркем токтотосуң,
Айтчы качан токтотосуң?

Сүйүүм чексиз сага болгон,
Булганбаган, таза бойдон.
Кусалыкка батырбачы,
Көөдөнүмө санаа толгон.
Көшөгөмө келсең боло,
Кош айтышпай ара жолдон.
Кетем дебей ара жолдон!

Ак батасын берсин элим,
Аянбастан чаччы мээрим.
Садагасы ишенип кой,
Сен деп согот ар бир демим.
Ак жоолугун салынып сен,
Апакеме болчу келин,
Өмүрлөшүм болчу менин!!!

МАЛИК НАЗАРМАТОВ!!!