Get Mystery Box with random crypto!

Тамаша кебиң таалайсыз мени азгырып, Татына күлкүң ызгаардуу к | Сүйүү саптары. Поэзия.

Тамаша кебиң таалайсыз мени азгырып,
Татына күлкүң ызгаардуу кышым жаз кылып.
Табышмак түйүн өзүнөн-өзү чечилип,
Тааныган сайын тартылып барам,тартылып...

Жароокер жүзүм күлкүгө бөлөп шат кылып,
Жаныңа шашам демимди баспай,аптыгып.
Жарымым толуп,жарык ай болдуң садага,
Жан тартып сизге жактырып барам,жактырып...

Соолуган элем...Гүлдөдүм кайра жанданып,
Соороттуң мени өмүрлөш жанга айланып.
Санаамдын кыркып чаташкан узун жиптерин,
Сагынып сизди арбалып барам,арбалып...

Жигердүү,чебер,келечек күнгө камданып,
Жигиттик сиздин жасаган ишке таң калып.
Жүрөккө жүрөк тартылып эски тааныштай,
Жиби жок сизге байланып барам,байланып...

Сен келдиң,ага.Оңолдум кайра бүлүнүп,
Сезимдин жааны алмадай жерге күбүлүп.
Сүйлөтпөй мени сүрдөткөн ушул күндөрдө,
Сүйүп да улам сүйүлүп барам,сүйүлүп...
Сүйлөтпөй мени сүрдөткөн ушул күндөрдө,
Сүйүп да улам сүйүлүп барам,сүйүлүп...


Автор: Күрүчбек кызы Мээрим