Get Mystery Box with random crypto!

Махабаттын отуна күйүп өтөм Ак сүйүүмдү башыңа үйүп өтөм Тенте | Сүйүү саптары. Поэзия.

Махабаттын отуна күйүп өтөм
Ак сүйүүмдү башыңа үйүп өтөм
Тентектигин кыла бер өмүр бою
Тентек кызды түбөлүк сүйүп өтөм

Бал сөзүмдү сага деп арнап өтөм
Ак сүйүүңдү туу тутуп кармап өтөм
Сен да менин жанымдан алыстаба
Мен да сени бир өмүр жандап өтөм

Көздөрүңдү сүйөм да балбылдаган
Өтсүн мүнөт мезгилдер ай жылдаган
Экөөбүздү түбөлүк бирге кылып
Ак махабат кармасын айрылбаган

Ав: Бакай Акматкулов