2022-08-31 17:31:24
°~ ХАРАМ ~°
Аллаху Таала Кураани Каримде "кылбагыла" деп ачык түрдө тыюу салган нерселер. Харамдардын аркарылуусуна жана колдонулуусуна катуу тыюу салынган. Харамды халал , халалды харам деген адамдын ыйманы кетет, каапыр болот. Харамдан качуу, алардан баш тартуу фарз жана чон сооп. Харамдын эки түрү бар.
1. ХАРАМ ЛИ-АЙНИХИ .
Адам өлтүрүү, зина кылуу, Ливан кылуу (гомосексуализм), кумар ойноо, уурулук кылуу, шарап жана ар түрдүү алкогольдук ичимдиктерди ичүү, жалган сүйлөө, чочконун этин жеш, арам өлгөн өлүмтүктөрдү жеш, аялдардын жана кыздардын башы, колу буттары ачык көчөгө чыгуулары харам болуу менен бирге чон күноо. Кимдин бирөө жогорудагы күнөөлөрдү кылууда "Бисмиллаах" деп айтса , же аларды халал деп эсептесе же Аллах Тааланын аларды харам дегенине маани бербесе каапыр болот. Булардын харам экенине ишенип , ушул ишке барса каапыр болбойт, бирок, тозок отуна ылайык болот. Эгер буларды аткарууну улантып, тообо кылбай өтүп кетсе, ыймансыз кетүүсүнө себеп боло.
2. ХАРАМ ЛИ-ГАЙРИХИ.
Булар негизинде халал,бирок, башкалардын акысы болгондуктан харам болуп эсептелген нерселер. Мисалы : бирөөнүн бакчасына кирип ээсинин уруксатысыз дарактан мөмө үзүп жесе, үй оокаттарын жана акча уурдап колдонуу, аманатка кыянат кылуу, пакордук, пайыз жана кумар аркылуу акча табуу. Адам буларды жасап жатканда "Бисмиллаах" деп айтса, же буларды халал деп айтса капыр болбойт. Себеби ал кимдир бирөөнүн акысы , кайр алат . Беш жарым арпанын салмагындагы күмүштүн баркындай акы үчүн кыямат күнү Аллах Таала кабыл болгон 700 рекет намаз жана жамаат менен окулган намаздын сообун алып акы ээсине берет. Харамдан качуу ибадаттанда чоң сооп.
Катталыңыз
https://t.me/beyishimkg
1.4K views14:31