Get Mystery Box with random crypto!

°~ СҮННӨТ ~° Аллаху Таала ачык билдирбеген бирок , Пайгамбары | ⚜🕋 БЕЙИШ МЕДИА 🕋⚜

°~ СҮННӨТ ~°

Аллаху Таала ачык билдирбеген бирок , Пайгамбарыбыз с.а.в. мактап, өзү туруктуу түрдө аткарган же башкалар жасап жатканда тоскоол болбогон нерселер сүннөт деп аталат. Сүннөттү жактырбоо куфур. Жактырып бирок аткарбаган адамга азап кылынбайт. Бирок себепсиз эч аткарбаган адам күнөөлөнүүгө жана сооптон куру калууга ылайык болот. Сүнөөттүн эки түрү бар.

1. СУННАТИ МУАККАДА .
Пайгамбарыбыз с.а.в. дайыма аткарган кубаттуу сүннөттөр. Багымдат намазынын сүннөтү, бешим намазынын алгачкы жана акыркы сүннөтү, шам намазынын сүннөтү, куптан намазынын акыркы 2 рекет сүннөтү мына ушундай. Буларды эч себепсиз аткарбоого болбойт . Жактырбаган каапыр болот.

2. СУННАТИ ГАЙРИ МУАККАДА.
Булар Пайгамбарыбыз с.а.в.дын ибадат максаты менен кээде аткаргандары. Аср жана куптан намазынын 4 рекеттик сүннөттөрү мына ушундай. Булар бир нече жолу орундалбаса эч нерсе болбойт. Себепсиз түрдө таптакыр аткарбаса күнөөлөнүүгө дуушар болуп, шапааттан куру калууга себепчи болот.