2022-07-04 23:47:07
"АКЫЙКАТ СӨЗДӨР"
Төрөлгөн кезиңде апаңдын курсагынан сени ким чыгарганын билбейсиң. Ал эми өлгөнүңдө кабырга сени ким койоорун билбейсиң.
Сен төрөлгөндө сени жуунтуп тазалашкан. Өлгөнүңдө да жуунтуп тазалашат.
Сен төрөлгөндө кимдер кубанганын билбейсин. Өлгөн кезиңде да кимдер ыйлап, кимдер сыздаарын билбейсиң.
Апаңдын курсагында экениңде караңгы жана тар жерде жаткансың. Өлгөнүңдө да караңгы жана тар жерде (кабырда) жатасың.
Төрөлгөнүңдө сенин денеңди жабыш үчүн материалга орошкон. Өлгөнүңдө да кепиндеш үчүн эки метр материалга орошот.
Төрөлүп чоңойгонуңда адамдар сенден кайсы окуу жайды бүткөнсүң, кандай дипломуң бар? - деп сурашат. Өлүп кабырга койулганыңда болсо периштелер кандай амалдарды аткардың? - деп сурашат.
Акыретке эмне даярдадың?.
Кел мусулман бир тууганым!, Шахадат келмесин чын жүрөгүңдөн айт!. "Ашхаду ан лаа илааха иллаллох, ва ашхаду анна Мухаммадан росуулуллох".
Эгер "Ыхлас" сүрөсүн бир жолу окусаң, Курандын үчтөн бирин окугандай соопко ээ болосуң. "Кул хуваллоху ахад* Аллохус сомад* Лам йалид валам йуулад* Ва лам йакул лаху куфуван ахад".
1.2K views20:47