Get Mystery Box with random crypto!

⚜🕋 БЕЙИШ МЕДИА 🕋⚜

Telegram kanalining logotibi beyishimkg — ⚜🕋 БЕЙИШ МЕДИА 🕋⚜ Б
Telegram kanalining logotibi beyishimkg — ⚜🕋 БЕЙИШ МЕДИА 🕋⚜
Kanal manzili: @beyishimkg
Toifalar: Din
Til: Oʻzbek tili
Obunachilar: 6.11K
Kanalning ta’rifi

📌 "ЭСКЕРТКИН, анткени эскертүү ыймандууларга пайда берет".{Зарият 55}
📘_Суроо - жооп.
📕_Хадис - аяттар.
📗_Видео - сүрөттөр.
📕_Баян - сабактар.
📘_Дуба - сүрөөлөр.
📌 АДМИН : @librisadmin
Канал негизделген күн - 15.03.22.

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

2

1 stars

0


Oxirgi xabar 2

2022-08-28 20:46:14
СУЛАЙМАН А.С.ДЫН КАБАРЧЫ КУШУ ?
Anonymous Quiz
22%
Үкү
35%
Абаабил
33%
Худ Худ
10%
Билгим келет
239 voters551 views17:46
Ochish/sharhlash
2022-08-28 13:52:35
~° ВАЖИБ °~

Аткарылуусу фарз сыяктуу айкын буйруктар . Бул буйруктардын Курани Каримдеги далилдери фарздыкындай ачык эмес. Булар күмөндүү болгон далилге таянат. Витир намазын жана Айт наиаздарын окуу, байыганда курмандык чалуу , фитир-садака берүү важиб. Важибдин өкүмү фарздыкындай. Важибди аткарбоо тахриман макрух . Бир нерсенин важиб экенине ишенбеген капыр болуп эсептелбейт. Бирок , аткарбаган адам тозок азабына ылайык болот.
622 views10:52
Ochish/sharhlash
2022-08-27 20:29:46 СУРОО : Тырмагына лак койгондордун гусулу өтпөй калса, жасаган тамагы кандай болот ?

ЖООП : Лак койгон адам деги эле гусул жөнүндө ойлойт болду бекен. Гусул жөнүндө ойлогон адам тырмагына лак койбосо керек. Ошого карабастан колун таза чайкаган болсо тамак жасай берет .

СУРОО : Жолдошум уруксат берсе каш терсем болобу ?

ЖООП : Жок , кээ бир нерселерге адамдардын уруксат берүүсү менен да уруксат берилбейт .

СУРОО : Жоолук салынган аял сулуулук салонун ачса болобу ?

ЖООП : Болот. Эмне үчүн болбосун? Шарият тыюу салган нерселерди аткаруудан качып, уруксат берген нерселер менен иштегенге болот.

Чубак Ажы Жалилов
1.7K viewsedited  17:29
Ochish/sharhlash
2022-08-27 20:15:18
635 views17:15
Ochish/sharhlash
2022-08-27 12:47:45
°~ ФАРЗ ~°

Аллах Таала аткарылуусун Курани Карим аяттары менен ачык-айкын жана так түрдө өкүм кылган нерселер ФАРЗ деп аталат. Фарздарды аткарбоо харам ! Ишенбеген жана аларга маани бербеген адам каапыр болот. Фарздын эки түрү бар :

1. ФАРЗ-Ы АЙН .
Ар бир милдеттүү болгон мусулман жеке өзүнүн кылуусу керек болгон фарз. Ыйман келтирүү, даарат алуу, гусул алуу, беш маал намаз окуу, Рамазан айында орозо кармоо, колунда барлардын зекет берүүлөрү жана ажыга баруу сыяктуу ибадаттар фарз-ы айн болуп эсептелет . [Белгилүү 32 жана 54 фарз бар]

2. ФАЗ-Ы КИФАЙА.
Бир нече мусулмандын же бирөөнүн гана аткарылуусу аркылуу башкаларда жоопкерчиликтен кутула турчу фарз. Берилген саламга жооп берүү, маркумдун сөөгүн жуу, жаназа намазын окуу, Курани Каримди толугу менен жаттап , хафыз болуу, жихад кылуу, ишине жана соодасына керек болгондон көбүрөөк дин жана так илимдериди үйрөнүү сыяктуу фарздар буга кирет.
1.9K views09:47
Ochish/sharhlash
2022-08-26 17:23:18 НАМАЗ ОКУМАЙЫНЧА

Дат баскан көңүл тазалап, келгиле намаз окуйлу !
Аллахка жакын болбойсуң намаз окумайынча !

Кайда намаз окулса, күнөөлөр дайым күбүлөт ,
Адам камил боло албайт намаз окумайынча !

Хак Таала Кураанда намазды өтө мактады ,
Айтты, адам жактырбайм намаз окумайынча !

Бир хадиси шарифте ушундай деп айтылат:
"Ыймандуулук байкалбайт, намаз окумайынча !

Бир намазды окубоо чон күнөө деп саналат ,
Тообо менен кечирилбейт казасын окумайынча !

Намазга маани бербеген ыймандан дароо чыгат ,
Ал мусулман боло албайт , намаз окумайынча !

Намаз жүрөк тазалап, жамандыктан коргойт ,
Салих боло албайсың намаз окумайынча !
786 views14:23
Ochish/sharhlash
2022-08-26 08:09:02
861 views05:09
Ochish/sharhlash
2022-08-25 17:14:28
°°°ОКУЯ°°°

°°° Улуу олуялардын бири Баязыд-ы Бистами таңга маал уйку басып, багымдат намазына уктап калат. Буга катуу кайгырып, ыйлап жаткан кезинде, капысынан бир үн угат :
- "Эй Баязыд бул кемчилигиңди кечирдим. Бул көз жаштарыңдын берекети менен сага 70 миң намаздын сообун бердим".
Бир нече ай өткөн соң кайра уктап калат. Шайтан келип бутунан тартып ойготот.
- "Тур намазың өтүп баратат"-дейт. Хазрети Баязыд таң калып:
- "Эй лаанаттуу шайтан! Сен кандайча мени ойготтуң? Сен адамдардын баары намаз убактысын өткөрүп жиберсин, намаз окубасын дейсиң. Эмнеге мени ойготтуң ?"-деп сурайт. Шайтан мындай дейт :
- "Өткөндө багымдат намазын өткөрүп жибергениңде 70 миң сооп алган элең . Бүгүн ошону ойлоп, бир гана намаздын сообун алсын деп ойготтум"-дейт.
1.3K views14:14
Ochish/sharhlash
2022-08-25 10:14:01
•••ХАДИС•••

Улуу олуя Хазрети Жунайд-и Багдади мындай дейт : "Дүйнөнүн бир сааты , кыяматтын миң жылынан жакшыраак. Анткени, бул дүйнөдө бир сааттын ичинде көптөгөн жакшы амал кылсаң болот. Ал эми кыяматтагы миң жылда колуңдан эч нерсе келбейт !".

•••ХАДИС•••

" Бир намазын маалында окубай , казасында кылбай көз жумган адамдын көрүндө Тозоктон 70 көшөгө ачылып , кыямат күнүнө дейре азап чегет ".
1.6K views07:14
Ochish/sharhlash
2022-08-24 23:35:48 НАМАЗ ....

Пайгамбарлардын сүннөтү.
Периштелердин сүйгөнү.
Марифаттын, жердин жана жети кат асмандын нуру.
Дененин күчү.
Ырыскынын берекети.
Дубалардын кабыл болуусуна себепчи.
Өлүм периштесинен шапаатчы .
Көрдө жарык.
Мункар менен Накирге жооп.
Кыямат күнү үстүңдөгү көлөкөң.
Тозок отуна калкан.
Сыраат көпүрөсүнөн чагылгандай өткөргөн жардамчы.
Жаннаттын ачкычы.
Жаннатта башыңа таажы
830 views20:35
Ochish/sharhlash