Get Mystery Box with random crypto!

⚜СҮННӨТ МЕНЕН ЖАШОО⚜

Telegram kanalining logotibi sunnotjanaduba — ⚜СҮННӨТ МЕНЕН ЖАШОО⚜ С
Telegram kanalining logotibi sunnotjanaduba — ⚜СҮННӨТ МЕНЕН ЖАШОО⚜
Kanal manzili: @sunnotjanaduba
Toifalar: Din
Til: Oʻzbek tili
Obunachilar: 2.36K
Kanalning ta’rifi

🌍КОШ КЕЛИНИЗ 🌸
💚Пайгамбарыбыз с.а.в.дын сүннотүн аткарып жашоо эки дүйнөлүк бакыт алып келет. 🌹🌹
🌼Лаа илааха иллиЛлах, Мухаммадур Расулуллох.🌼 Аллахтан башка Кудай жок , Мухаммад анын элчиси .🕊🕊🕊
🕋Сүннөттү бекем кармайлы🕋

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

2


Oxirgi xabar 2

2022-12-28 19:26:34 САЛАМАТТЫКТЫ СУРОО ДУБАСЫ.

اللهمّ ألِّف بين قلوبنا، وأصلح ذات بيننا، وإهدنا سبل السلام ، ونجِّنا من الظلمات إلى النور ، وجنِّبنا الفواحش ما ظهر منها وما بطن ، وبارك لنا في أسماعنا، وأبصارنا، وقلوبنا، وأزواجنا وذرياتنا، وتُب علينا إِنك أنت التَّوَّاب الرحيم، واجعلنا شاكرين لنعمك مثنين بها عليك قابلين لها وأتممها علينا.

Аллоохумма аллиф байна кулуубинаа уа аслих заата байнина уахдинаа сабиилас-салаами уа нажжинаа миназ-зулуумаати илан-нуури уа жаннибнал фауаахыша маа зохаро минхаа уа маа батона уа баарик ланаа фии асмааынаа уа абсооринаа уа кулуубинаа уа азуаажинаа уа зурриййаатинаа уа туб алайнаа инннака антат-таууаабур-рохыым, уажалнаа шаакириина линиамика мусниина бихаа алайка кообилиина лахаа уа атмимхаа алайнаа.

КОТОРМОСУ : Оо Аллахым! Жүрөктөрүбүздүн арасын үлпөттөгүн, өз ара мамилебизди чыңдагын, бизди тынчтык жолуна салгын, бизди караңгылыктардан нур жолуна чыгаргын, көмүскө жана ашкере бузукулуктардан бизди оолак кылгын, кулактарыбызга, көздөрүбүзгө, жүрөктөрүбүзгө, жубайларыбызга, урпактарыбызга берекеңди бергин, тооболорубузду кабыл кылгын чындыгында Сен тообо кабыл кылуучу, ырайымдуу Затсың, бизди жакшылыктарыңа шүгүр кылуучулардан кылгын жана Сен тартуулаган жакшылыктарыңа Сага мактоо айтуучулардан жана жакшылыктарды туура кабыл алуучулардан кылгын, бизге жакшылыктарыңды толук бүтүруп бергин.
992 views16:26
Ochish/sharhlash
2022-12-28 19:24:57
790 views16:24
Ochish/sharhlash
2022-12-26 12:16:24 БАКТЫЛУУЛУКТУ СУРОО ДУБАСЫ.

اللهم اختر لي خير ما تختار لعبادك الصالحين، و ارزقني البصيرة في دينك و افتح لي فتحا مبينا و ارزقني التوفيق و السعاده في الدنيا و الاخرة

Аллоохумма ихтар лии хойро маа тахтаару лиыбаатикас-соолихыын, уарзукнил басыырота фии дииника, уафтах лии фатхан мубиинан, уарзукнит-тауфиико уас-саадата фид-дунйаа уал аахыроти

КОТОРМОСУ: Оо Аллахым! Такыба пенделериңе тандап берген жакшы нерселерди мага тандап бергин. Өзүңдүн диниңде мага көрөгөчтүк насип кылгын. Мага чыныгы ачык жеңиш бергин. Бул дүйнө жана Акыретте мага оомат жана бактылуулук насип кылгын.
1.2K views09:16
Ochish/sharhlash
2022-12-26 12:16:16
1.1K views09:16
Ochish/sharhlash
2022-12-24 14:43:59 ООРУЛУУНУ ЗЫЯРАТ КЫЛУУНУН БАЛДАРГА БОЛГОН ПАЙДАЛАРЫ

1. Бала, Аллах Таала ага берген нээматтарга шүгүр кылганды үйрөнөт.

2. Оорууну да, шыпааны да Аллах берээрин билет жана Ага гана таянып, дуба кылып ден-соолук сурайт.

3. Боорукерликке жана ырайымдуулукка үйрөнөт.

4. Өзүнүн алсыз бир жан экенин билип, бой көтөрүүдөн алыс болот.

5. Чоң адамдар менен аралашып, алардан үлгү насааттарды алат.
2.6K viewsedited  11:43
Ochish/sharhlash
2022-12-24 14:43:58 БАЛДАРГА ООРУЛУУНУ ЗЫЯРАТ КЫЛУУНУ ҮЙРӨТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ.

–  Хадистерден айтып берүү.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам айтты: “Мусулман адам өзүнүн ооруп жаткан мусулман бир тууганын зыярат кылган болсо, анда ал Бейиштеги мөмөлүү бактардын арасында болот”. (Муслим)

–  Сүннөттө келген дубалардан үйрөтүү.
“Ас’алю-Ллаха-ль-‘Азыма, Рабба-ль-‘арши-ль-‘азыйми, ан йашфийака”. ж.б.у.с. дубалардан.

–  Ар дайым ээрчитип жүрүү жана бул иш сооптуу иштрден экенин айтып берүү.
2.4K viewsedited  11:43
Ochish/sharhlash
2022-12-24 14:43:56 ООРУЛУУНУ ЗЫЯРАТ КЫЛУУДАГЫ КЭЭ БИР АДЕПТЕР

1. Оорулуунун ал-акыбалын сураганы барганда, көпкө отуруп аны жадатпай, кыска убакыттын ичинде пайдалуу нерселерди айтып берип, көңүлүн көтөрүү өтө жакшы. Пайдасы жок жагымсыз нерселерди айтуудан алыс болуу.

2. Ал үчүн сүннөттө келген дубалардан айтуу зарыл:

3. “Ас’алю-Ллаха-ль-‘Азыйм, Рабба-ль-‘арши-ль-‘азыйм, ан йашфийак”
(Улуу Аллахтан, Улуу Арштын Рабиснен сага шыпаа беришин сурайм) (жети жолу айтат),- деп  ж.б.у.с. дубалардан.

4. Жаш балдарды алып барганда, аларды ызы-чуу кылуудан тыйып, тынчтыкты сактоо зарыл.
2.3K viewsedited  11:43
Ochish/sharhlash
2022-12-24 14:43:53
2.0K views11:43
Ochish/sharhlash
2022-12-19 00:35:59 ЖАЛКООЛУКТАН АРЫЛУУ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ ЖЕТИ КЕҢЕШ.

Жалкоолук - чоң көйгөйлөрдүн башталышы. Шайтан максатына жетүү үчүн адамдын жалкоолугун курал катары колдонот. Эгер жалкоолук мойнуңа минип алса, бийик максаттарыңа жете албайсың. Жадагалса бул сапат сенин Аллах менен болгон мамилеңди да суутат. Акыры жалкоо адам эки дүйнөнүн тең бактысынан кур калат. Ошондуктан жалкоолуктан кутуулууга шашылуу зарыл.

Бул материалда жалкоолукту жеңүү үчүн керектүү кеңештерди сунуштайбыз. Окуп гана койбостон, жашоо-турмушуңузда колдонуңуз.

1. ДУБА КЫЛЫҢЫЗ.
Пайгамбарыбыз мындай деп дуба кылар эле:
اللّهُمَّإنِّيأعُوذُبِكَمِنالعَجزِوَالكَسلٍ
“Оо, Аллахым! Алсыздыктан жана жалкоолуктан Өзүңө гана баш калкалайм!”

2. МАКСАТТАРЫҢЫЗДЫ ЭСКЕ ТҮШҮРҮҢҮЗ.
Коюлган максаттарыңызды эстеңиз. Эгер алар жок болсо, конкреттүү максаттарды коюңуз. Азыркы абалыңыз менен кыялданган жашоого жете аласызбы? Мына ушул суроону өзүңүзгө берип, максаттарга жетүү үчүн бүгүнтөн тартып аракеттениңиз.

3. УЛУУ ИНСАНДАРДЫН ӨМҮР БАЯНЫН ОКУҢУЗ.
Аллахтын жардамы аркылуу жана талбас эмгегинин натыйжасында ийгилик жараткан тарыхый инсандардын басып өткөн жолун талдаңыз. Бул дүйнөдө максаттарына жетип, үлгү көрсөткөндөрдүн баары аракетчил жана тырышчаак болушкан. Же жөн эле уктап, ийгиликке жеткендер барбы?

4. КҮЖҮРМӨН АДАМДАР МЕНЕН ДОС БОЛУҢУЗ.
Айланаңызда жалаң жалкоолор болсо, албетте, сизге алардын абалы таасир этет. Эч нерсе кылгыңыз келбей, шайыңыз жок болот. Ошондуктан чөйрөңүздү өзгөртүңүз. Максаттары бийик, энергиялуу, эмгекчил адамдар менен убакыт өткөрүңүз.

5. ЭРТЕ ЖАТЫП ЭРТЕ ТУРУҢУЗ.
Эгер түшкө чейин уктап жатсаңыз, эч качан жалкоолуктан арыла албайсыз. Убактыңыз берекесиз болот. Эрте туруп, намаз окуңуз. Күч-кубатыңыз көп кезде маанилүү жумуштарды бүтүрүңүз.

6. КҮНҮМДҮК ПЛАН ТҮЗҮҢҮЗ.
Кечинде эртеңки күндүн планын түзүп, аны бузбай аткарууга аракеттениңиз. План түзүү менен жоопкерчиликтүү болуп, убактыңызды туура бөлүштүрөсүз.

7. ТЕЛЕФОНДУ ТУУРА КОЛДОНУҢУЗ.
Түрдүү социалдык тармактар убакытты текке кетирип, сизди ого бетер жалкоо кыларын ойлонуңуз. Телефонду жөн эле тиктеп отуруу эч кандай пайда алып келбейт. Смартфонду олуттуу маселелерде гана колдонууну адатка айантыңыз
2.4K views21:35
Ochish/sharhlash