Get Mystery Box with random crypto!

САЛАМАТТЫКТЫ СУРОО ДУБАСЫ. اللهمّ ألِّف بين قلوبنا، وأصلح ذات | ⚜СҮННӨТ МЕНЕН ЖАШОО⚜

САЛАМАТТЫКТЫ СУРОО ДУБАСЫ.

اللهمّ ألِّف بين قلوبنا، وأصلح ذات بيننا، وإهدنا سبل السلام ، ونجِّنا من الظلمات إلى النور ، وجنِّبنا الفواحش ما ظهر منها وما بطن ، وبارك لنا في أسماعنا، وأبصارنا، وقلوبنا، وأزواجنا وذرياتنا، وتُب علينا إِنك أنت التَّوَّاب الرحيم، واجعلنا شاكرين لنعمك مثنين بها عليك قابلين لها وأتممها علينا.

Аллоохумма аллиф байна кулуубинаа уа аслих заата байнина уахдинаа сабиилас-салаами уа нажжинаа миназ-зулуумаати илан-нуури уа жаннибнал фауаахыша маа зохаро минхаа уа маа батона уа баарик ланаа фии асмааынаа уа абсооринаа уа кулуубинаа уа азуаажинаа уа зурриййаатинаа уа туб алайнаа инннака антат-таууаабур-рохыым, уажалнаа шаакириина линиамика мусниина бихаа алайка кообилиина лахаа уа атмимхаа алайнаа.

КОТОРМОСУ : Оо Аллахым! Жүрөктөрүбүздүн арасын үлпөттөгүн, өз ара мамилебизди чыңдагын, бизди тынчтык жолуна салгын, бизди караңгылыктардан нур жолуна чыгаргын, көмүскө жана ашкере бузукулуктардан бизди оолак кылгын, кулактарыбызга, көздөрүбүзгө, жүрөктөрүбүзгө, жубайларыбызга, урпактарыбызга берекеңди бергин, тооболорубузду кабыл кылгын чындыгында Сен тообо кабыл кылуучу, ырайымдуу Затсың, бизди жакшылыктарыңа шүгүр кылуучулардан кылгын жана Сен тартуулаган жакшылыктарыңа Сага мактоо айтуучулардан жана жакшылыктарды туура кабыл алуучулардан кылгын, бизге жакшылыктарыңды толук бүтүруп бергин.