2022-05-12 21:47:44
БҮГҮН АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖКнын ОТУРУМУН ТОЛУГУ МЕНЕН КӨРДҮМ.Көрүп жатып ар кандай ойлор кетти. Дароо ошол жакта отурган жана колдоо көрсөтүп чечкен депуттарга жиним келди. Аларды күнөөлөдүм. Кыскасы күнөөнү бирөөдөн издедим.
Азыр ойлонуп отуруп
- А сен коом үчүн, элиң үчүн эмне кылдың? деген суроо келип мээме такалды.
Албетте, дароо актаныш керек. Кайра эле өзүмдү актаган жооп. Нуризанын ичиндеги 2 ойдун пикир алышуусу:
- Коомго салым кошом деп, коомдон кеткем. Буюрса коомду алдыга сүйрөөчү балдарды тарбиялайм.
- Алар ошондой инсан болот деп кантип кепилдик бересиң? Азыркы абалыңда жана буга чейинки абалда только өзүңдү ойлоп келдиң го? Кантип балдарды тарбиялайсың? Уяда эмнени көрсөң учканда ошону аласың.
Бул суроого экинчи оюм жооп бере албады. Жооп бермек бирок, жооп берүүдөн уялды.
Анткени, учурдагы абалы ушул…
Ар дайым ката издөөгө же бирөөгө айып коюуга мастербиз. Жана баардык ишти келечекке калтырабыз.
Тилекке каршы учурунда аткарылбаган иш келечекте аткарылып, нурун толугу менен чача албайт.
Эстеңиздерчи… Былтыр ушу убакта 2022-жылы абалыбыз таккыр башкача болот деп убада бергенбиз. Бирок, ал убаданын 10-30% эле аткарылды…
Качан өзүбүздү алдаганды токтотобуз?…
1.5K viewsНуриза Мамет, edited 18:47