Get Mystery Box with random crypto!

Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов тууралуу жазган чыгармасы | НУРИЗА МАМЕТ

Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов тууралуу жазган чыгармасын окуп жатып алгачкы арактын Көлгө келип, ал жактагы баалуулуктардын жоголгону тууралуу баяндагыны жүрөктү кейитти.

Ушул арак деген неме кыргызды канчалык алтындай болгон сыпаттардан айрыганын билгенде жүрөк зырылдады…

Эң алгач арак келгенде эмгекти сүйгөн Көлдүн эли эч нерсе менен алек болбой эле ошол нерсени ичип эле отуруп калышкан дейт.

Баарынан да көчөгө чыгып, башын өөдө көтөрбөгөн аялдар жоолугун ыргытып, этегин кыскартып, уят деген немени баштыкка түйүп эркектер менен кошо жүрүп ичип калышкан дейт.

Эми эне көчөгө ичип кеткенде үйдөгү абалды элестетип жатасыздарбы?

Балдардын тарбиясычы? Күйөөсүнө, жакындарына болгон мамилечи?

Өзүндөгү “айым” деген ат менен бирге бардык асыл сапаттарын жерге көөмп койгон сыяктуу.

Эми бул арактын алгачкы келгендеги бир эле кылыгы. Андан кийин өз көзүм менен көргөн канчалаган айылдагы, шаардагы окуялар.

Буларды эстегенде ар бирибиздин көзүбүзгө келет го.


Ушунун баарын көрүп, билип туруп деле кантип эми КАЗИНОГО официалдуу түрдө уруксат беребиз?

Кантип карап турабыз?

Бул жакта канчалаган адамдар, жаштар ыктыярчы болуп адамдарды жакшы жакка буруу менен убара болуп турса, кантип биздин төбөлдөгүлөр чымын чагып койбогондой карашат?

Азыр ойлоп отуруп колуман эң эффективдүү бир эле нерсе келет экенине ынандым. Анткени азыр үнүм эч жакка жетпейт, эч ким укпайт!

БИЗ ТАРБИЯЛАГАН МУУНДАН ЭЧ КАЧАН МЫНДАЙ ДЕПУТАТТАР ЧЫКПАШ КЕРЕК!

Ниет, амал, дуа