Get Mystery Box with random crypto!

Бүгүн мага жан кирген сыяктуу Баягы Нуризанын ой-максаты, кы | НУРИЗА МАМЕТ

Бүгүн мага жан кирген сыяктуу

Баягы Нуризанын ой-максаты, кыймыл-аракети кайтып келе жатат. Ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберчүүдөй эле

Бүгүн кечке жаным тынбады. Сиздерге айтчу жаңылыгымдын үстүнөн бүгүн 1 сааттай отуруп иштедим.

Ойлоп көрсөм 1000 жылдан бери сүрөт тарта электей сезилип атат өзүмө. Буюрса эртең тоого чыгалы деп пландап жатканбыз, ал жакты текке кетирбей жакшы кадрларды кылып келүүнү пландап жатам.

Мурун телефонума сүрөт батпачу эле тообо камерам тынбай.

Жаңы видеолорго да даярданып жатам ин ша Аллах. Сиздерге да мурун убада кылган пайдалуу видеолоруму улантпай калгам. Ин ша Аллах аларды да улантабыз.


Самое главное менде РЕСУРС болсо эле


Бул арада бир нерседен чындап сабак алдым. Баарынан маанилүү ден соолук. Бул нерсе жок болсо башка нерсенин зарылыдыгы деле калбай калгыдай. Ошого өзүңүздөрдү караңыздар

Абайлап жүрүңүздөр