Напил намаздарды үйдөн окууга үндөө Абу Хурайра (радыяЛлаху а | ИсламЖолу
Напил намаздарды үйдөн окууга үндөө
Абу Хурайра (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Үйлөрүңөрдү кабырга айландырбагыла[1], жана менин кабырымды улам-улам зыярат кыла берчү жерге айландырбагыла. Мага салават айткыла, силер каякта болсоңор да салаватыңар мага жетип турат» (Абу Дауд: 2042. Сахих хадис)
[1] - үйүңөрдү намазы жана ибадаты жок таштап койбогула, өлүктөр жашаган сыяктуу кылбай ('Аун аль-Ма'буд)