Get Mystery Box with random crypto!

ИсламЖолу

Telegram kanalining logotibi islamjolu — ИсламЖолу И
Telegram kanalining logotibi islamjolu — ИсламЖолу
Kanal manzili: @islamjolu
Toifalar: Din
Til: Oʻzbek tili
Obunachilar: 2.05K
Kanalning ta’rifi

islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

Ratings & Reviews

1.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

2


Oxirgi xabar

2022-08-28 03:59:58 Анас (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси айтты:

ما توادَّ اثنانِ في اللهِ فيُفَرَّقُ بينهما إلَّا بذنْبٍ يُحْدِثُهُ أحدُهما

"Аллах үчүн бири-бирин жакшы көргөн кандай гана эки киши болбосун, эгер алар ажырашып кетишсе - ал нерсеге экөөнүн бирөө кылган күнөө себеп болот"

(Бухари "аль-Адаб аль-Муфрод": 401. Шейх Альбани хадисти сахих деди "Сахих аль-Жамиъ": 5603)

#күнөө #сүйүү #хадис

https://t.me/islamjolu/4549
401 views00:59
Ochish/sharhlash
2022-08-27 12:57:20 Ырыскы десе эле тамакты ойлобош керек, бирок ыйман илим ал дагы #ырыскы

Бир киши айтты: "О, Аллах, мен канча жолу #күнөө кылдым, бирок Сен ал үчүн мени жазалаган жоксуң!".

Аллах айтты: "Мен канча жолу сени күнөөлөрүң үчүн жазаладым, бирок сен аны билген жоксуң!"
б.а. андан ыйман жана илимдин жолдорун тосуп койду, ал ибадат кыла албай калды.

Эгер:
- намазыңда хушуну сезбесен
- кээ бир ибадаттарды аткарып жүрүп, кийин аткарбай калсаң,
- мурун жаттаган кураныңды унутуп калсаң,
бил, демек, күнөөлөрүң үчүн Аллахтан сага сыноо келди, #истигфар жана #тооба кылып Аллахка кайт!

https://t.me/islamjolu/4548
742 viewsedited  09:57
Ochish/sharhlash
2022-08-15 16:11:35 Напил намаздарды үйдөн окууга үндөө

Абу Хурайра (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Үйлөрүңөрдү кабырга айландырбагыла[1], жана менин кабырымды улам-улам зыярат кыла берчү жерге айландырбагыла. Мага салават айткыла, силер каякта болсоңор да салаватыңар мага жетип турат»
(Абу Дауд: 2042. Сахих хадис)

[1] - үйүңөрдү намазы жана ибадаты жок таштап койбогула, өлүктөр жашаган сыяктуу кылбай ('Аун аль-Ма'буд)

#хадис #напил #намаз #кабыр #салават

https://t.me/islamjolu/4547
1.1K views13:11
Ochish/sharhlash
2022-08-15 10:12:52 Айыз көргөн аял окулбай калган намаздарынын ордун толтурууга (казасын окууга) тийиш эмес.

Бир аял Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун):
«Айыз көргөн аял (айыз убагында) окулбай калган намаздарын эмне үчүн казасын окубайт, ал эми орозонун казасын тутат?», - деп сурады. (Айша): «Сен эмне, Харурадансыңбы[1]?» - дейт. Ал аял айтат: «Жок, жөн эле сурап жатам». Айша айтат: «Пайгамбар ﷺ убагында деле айыз көрчүбүз, бирок ал бизге намаздын казасын окууга буюрган эмес, ал эми орозонун казасын тутууга буюрган» - деди.

__
   [1] Харура - Ирактын Куфа шаарынын жанындагы кыштак, ал жерге мусулмандардан бөлүнгөн, Али бин Абу Талибдин (Алла ага ыраазы болсун) лагеринен чыгып кеткен он эки миң адам чогулган. Дал ошол жерде Исламдагы харижит (бөлүнүп-жарылуучулук) кыймылы башталган. Харижиттер айыздан тазаланган аял окулбай калган намаздарынын баарын кайра окуп чыгышы керек деп эсептешкен.

#айыз #аял #каза #харижит #хадис

https://t.me/islamjolu/4546
1.1K views07:12
Ochish/sharhlash
2022-08-15 03:15:44 Урматтуу бир туугандар!
Мухаррам айы дагы да болсо уланып жатат. Хадисте келгендей бул ай напил орозо кармоо үчүн эң мыкты ай. Дагыда болсо сооп издеп калууга убакыт бар. Чамдайлы! Чамдайлы!
795 views00:15
Ochish/sharhlash
2022-08-06 14:17:48 СУРОО. Эмне үчүн Ашура түнүн ӨЗГӨЧӨЛӨП тахажжуд окуса болбойт? Бул нерседе зыян жок го.

ЖООП. Ашурага байланыштуу хадисте бир гана орозо тутуу айтылган, башка ибадаттарды кылуу буюрулган эмес. Демек, ким Пайгамбар ﷺ буюрбаган ишти аткарган болсо – ал динге жаңылык (бидаат) киргизген болот, амалы Аллах алдында кабыл эмес, өзүнө болсо күнөө жазылат.

Пайгамбар ﷺ айтты: “Кимде ким биздин ишибизге (динибизге) анда жок жаңы нерсе киргизсе — ал кайтарылат”, жана дагы айткан: “Кимде ким биздин буюругубуз болбогон нерсени [дин деп] аткарса — ал кайтарылат”, о.э. айткан: “Диндеги жаңы нерселерден сак болгула, чынында ар бир жаңылык бидаат, жана ар бир бидаат адашуу”.

—== 【 Шариат эрежеси 】=—
«Кайсыл бир нерсени Пайгамбар ﷺ дин деп АТКАРБАГАН болсо, демек аны аткарбаш керек»

Бул эреже тууралу айтууда ханафи мазхабынын имамдарынын бири Мулла Али ал-Кари (1014 х/ж) мындай деген:
«Пайгамбарга ﷺ ээрчүү – анын жасаган нерселерин жасоодо да, жана ал жасаБаган нерселерди таштоодо да турат. Ушунун негизинде ким мыйзамдаштыруучу (т.а. Пайгамбар ﷺ) жасабаган амалды жасоодо туруктуулукту көрсөтсө (б.а. ар дайым ошону жасаса), ал бидаатчы болуп табылат» («ал-Миркат» 1/41, 95).

Ошондой эле дагы бир ханафи аалымы Ахмад ар-Руми (1043 х/ж) мындай деген:
«Эгер кандайдыр бир амалды жасоого муктаждык болгон кезде, аны жасоого эч нерсе тоскоол болбогон тушта – Пайгамбар ﷺ ошол амалды жасаБаган болсо – анда биздин бул нерсени жасашыбыз Аллахтын динине жаңылык киргизүү болуп табылат»

#бидаат #манхаж #ашура

https://t.me/islamjolu/4544
1.3K views11:17
Ochish/sharhlash
2022-08-04 13:34:18
1.2K views10:34
Ochish/sharhlash
2022-08-04 13:33:04
Абу Катада (радыяЛлаху анху) айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ #Ашура күнүнүн орозосу тууралуу суралганда «Ал өткөн бир жылдын күнөөлөрүн жууйт», - деп жооп берди"
(Муслим: 1162).

https://t.me/islamjolu/4542
1.1K viewsedited  10:33
Ochish/sharhlash
2022-08-02 16:42:59



MP3 Сабагы https://t.me/BakayUstaz/617

#нике_сабактары #суроо_жооп
1.0K views13:42
Ochish/sharhlash
2022-08-02 16:42:59



MP3 Сабагы https://t.me/BakayUstaz/616

Аят-хадистери: https://t.me/islamjolu/4226

#нике_сабактары
882 views13:42
Ochish/sharhlash