Get Mystery Box with random crypto!

Айыз көргөн аял окулбай калган намаздарынын ордун толтурууга ( | ИсламЖолу

Айыз көргөн аял окулбай калган намаздарынын ордун толтурууга (казасын окууга) тийиш эмес.

Бир аял Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун):
«Айыз көргөн аял (айыз убагында) окулбай калган намаздарын эмне үчүн казасын окубайт, ал эми орозонун казасын тутат?», - деп сурады. (Айша): «Сен эмне, Харурадансыңбы[1]?» - дейт. Ал аял айтат: «Жок, жөн эле сурап жатам». Айша айтат: «Пайгамбар ﷺ убагында деле айыз көрчүбүз, бирок ал бизге намаздын казасын окууга буюрган эмес, ал эми орозонун казасын тутууга буюрган» - деди.

__
   [1] Харура - Ирактын Куфа шаарынын жанындагы кыштак, ал жерге мусулмандардан бөлүнгөн, Али бин Абу Талибдин (Алла ага ыраазы болсун) лагеринен чыгып кеткен он эки миң адам чогулган. Дал ошол жерде Исламдагы харижит (бөлүнүп-жарылуучулук) кыймылы башталган. Харижиттер айыздан тазаланган аял окулбай калган намаздарынын баарын кайра окуп чыгышы керек деп эсептешкен.

#айыз #аял #каза #харижит #хадис

https://t.me/islamjolu/4546