Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
0
3 stars
1
2 stars
1
1 stars
0
Oxirgi xabar 4
2022-10-14 20:02:24
•~ ~• Жакшы адам дегендик бир гана башкаларга жамандык кылбаган адам дегенди билдирбейт. Башкалардан келе турчу жамандыктарга да сабыр кылган адам болуп саналат.
Куран-и каримде дагы Аллаху тааланын сабыр кылгандар менен бирге боло тургандыгы жана сабыр кылгандардын сыйлыктарынын эсепсиз бериле тургандыгы билдирилген.
•~ ~• Алла Таала никени жер бетинде адамдарды таркатуу, тукумду улантып, коомду бузукулуктан, зынадан сактоо үчүн жараткан. Жана ошондой эле Жараткан Алла Таала жубайлардын ортосундагы мамилени дагы бийик, назик кылып, ынтымактын, сүйүүнүн жана мээримдин үстүнө тургузду. Алла Таала Курани Каримде айтты: “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да Анын белгилеринен”
•~ ~• "Беш убак намазын окуган, малынын зекетин берген, Рамазан орозосун кармаган, күнөө болбогон иштерде күйөөсүнө баш ийген жана тасаттурду [жоолук салынган, аврат жерлерин жапкан] сактаган аял Жаннатка каалаган эшиктен кирет.”