Get Mystery Box with random crypto!

Түркстан Советинин VI Чукул чакырылган съезди 1918-жылдын 5-ок | Ссссс

Түркстан Советинин VI Чукул чакырылган съезди 1918-жылдын 5-октябрында ишин баштаган. Жыйында Түркстан АССРинин Конституциясын кабыл алуу күн тартибине коюлуп, анын максаты, мааниси жана ички түзүлүшү боюнча талкуу уланган.

Кыргызстандыктар 1964-жылдын бул күнү республиканын борборунда Советтер Союзунун үчүнчү космонавты Андриян Николаевди салтанаттуу тосуп алышкан. Ал убакта өлкөдөгү космонавттардын саны алтыга жетип, А. Николаев убагында Фрунзеге жакын жерде жайгашкан аскер авиациясында кызмат өтөгөн. “Спартак” стадионундагы жолугушууга он миңдеген адам катышып, космонавт пионер уюмуна салтанат менен кабыл алынып, ага таза кандуу аргымак тартуу кылынган.

Кыргыз көркөм искусство музейинде 1978-жылдын 5-октябрында Пишпек-Фрунзенин 100 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылган. С. Чуйков, Г. Айтиев, А. Михалев, А. Игнатьев сыктуу республикалык сүрөтчүлөрдүн калеминен жаралган сүрөттөр социалисттик реализм нугунда тартылып, анда табият жана эмгек темасы даңазалаган.

Ош шаарынын 3000 жылдык салтанатын белгилөө 2000-жылдын 5-октябрында соңуна чыккан. Санкт-Петербургдук археолог, профессор Ю. А. Заднепровскийдин аныктоосуна жараша Ош шаарынын башаты мындан 3000 миң жыл илгери түптөлгөндүгү көрсөтүлүп, президенттин жардыгы менен шаар майрамы 2000-жылдын октябрь айынын башталышында белгиленген. Салтанат алкагында Ош шаарынын тарыхы, маданияты, археологиясына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Айрым адистердин айтымында, Ош шаарынын майрамы мамлекеттик салттын калыптанышына жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоо максатын көздөгөн.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстандын Толук ыйгарым укуктуу элчиси Медеткан Шеримкуловго 2004-жылдын бул күнү «Достук» ордени тапшырылган.

М. Шеримкулов убагында «легендарлуу» Жогорку Кеңешти жетектеп, анын парламент аралык байланышты чыңдоого кошкон салымы, Шериктештик өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын жогорку сыйлыгы менен бааланган.

5-октябрь – Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алган. Ошентип мугалимдердин эмгек тартибин аныктаган биринчи эл аралык документ иштелип чыккан. Бул күн жүздөн ашык өлкөдө белгиленет.

Христофор Колумб 1502-жылдын 5-октябрында Коста-Риканы ачкан.

Англис саякатчысы Жорж Ванкувер 1793-жылдын 5-октябрында Канаданын Нутка аралына келген.

Англиядагы биринчи медициналык «Ланцет» журналы 1823-жылдын 5-октябрында чыккан.

Болгар князы Фердинанд 1908-жылдын 5-октябрында Болгариянын эгемендигин жар салып, падышалык макам алган.

Лондондогу эл аралык ПЕН-клуб 1921-жылдын 5-октябрында ачылган.

Эрнест Хемингуэйдин «Биздин убакта» аттуу китеби 1925-жылдын 5-октябрында Америка Кошмо Штаттарында жарык көргөн.

Жазуучу Максим Горькийди ууландырган деген айып менен доктор Дмитрий Плетнев 1938-жылдын 5-октябрында камакка алынган.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиянын XIX съезди 1952-жылдын 5-октябрында Москва шаарында ишин баштаган. Партия съездинде ВКП (б) КПСС аталышына өзгөргөн.

Югославия менен Италия 1954-жылдын 5-октябрында Триестанын айланасындагы талаш аймакты ич ара бөлүп алууга жетишкен.

Советтер Союзу 1991-жылдын 5-октябрында Эл аралык фонд менен кызматташуу туурасындагы биринчи келишимге кол койгон.

Президент Б. Ельцин 1993-жылдын 5-октябрында Орусиядагы оппозициялык партиялар менен гезиттердин ишкердигине тыюу салган.

Гроссмейстер Владимир Крамник менен дүйнөдөгү күчтүү компьютер «Дип Фриц» ортсундагы шахматтык таймаш 2002-жылдын 5-октябрында Бахрейнде башталган.