Get Mystery Box with random crypto!

Ссссс

Telegram kanalining logotibi kkhhhjjhhj — Ссссс С
Telegram kanalining logotibi kkhhhjjhhj — Ссссс
Kanal manzili: @kkhhhjjhhj
Toifalar: Faktlar
Til: Oʻzbek tili
Obunachilar: 892
Kanalning ta’rifi

📽️ТАРЫХ - КЕЛЕЧЕКТИН КҮЗГҮСҮ! 🚀
📌 Кыргызстан тарыхы
📌 Дүйнө тарыхы жана түрк элдери
📌 Кызыктуу тарыхый маалыматтар
📌 Тарыхта из калтырган инсандар
📌 ЖРТга багытталган тесттер
🌅 Билген - тирик! Билбеген - өлүк! ⚰️

Ratings & Reviews

3.50

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

0


Oxirgi xabar

2022-11-28 13:30:37 https://t.me/Taryx_Baraktary
648 views10:30
Ochish/sharhlash
2022-11-07 12:43:18 Ассаламу алейкум, кымбаттуу окурмандар!

t.me/Taryx_Baraktary каналыбыз кайрадан кызматыңыздарда. Таныш- билиштерге каналдын ссылкасы менен бөлүшүп коюңуздар!

Кудай буюрса алдыда аткара турган иштерибиз арбын.

Биздин каналдан эмнелерди окуй аласыздар:

1. Ар тараптуу тарыхый маалыматтар.

2. ЖРТ га даярдануу үчүн атайын түзүлгөн тесттик топтомдор.

3. Тарых предметинен олимпиадага даярданган окуучулар үчүн өтө пайдалуу болорун ишенимдүү айта алабыз.

4. Студенттер жана мугалимдер үчүн да ого эле көп пайдалуу маалыматтарды жүктөмөкчүбүз.

5. Ар айдын этегинде катталуучулардын арасында интеллектуалдык сынак уюштурабыз. Кызыгы, күнүгө жүктөлгөн маалыматтардын ичиндеги темалардан суроолор түзүлөт.

Анда биз баштадык

t.me/Taryx_Baraktary
1.7K views09:43
Ochish/sharhlash
2022-11-07 12:43:18
1.3K views09:43
Ochish/sharhlash
2021-10-05 13:12:37 Түркстан Советинин VI Чукул чакырылган съезди 1918-жылдын 5-октябрында ишин баштаган. Жыйында Түркстан АССРинин Конституциясын кабыл алуу күн тартибине коюлуп, анын максаты, мааниси жана ички түзүлүшү боюнча талкуу уланган.

Кыргызстандыктар 1964-жылдын бул күнү республиканын борборунда Советтер Союзунун үчүнчү космонавты Андриян Николаевди салтанаттуу тосуп алышкан. Ал убакта өлкөдөгү космонавттардын саны алтыга жетип, А. Николаев убагында Фрунзеге жакын жерде жайгашкан аскер авиациясында кызмат өтөгөн. “Спартак” стадионундагы жолугушууга он миңдеген адам катышып, космонавт пионер уюмуна салтанат менен кабыл алынып, ага таза кандуу аргымак тартуу кылынган.

Кыргыз көркөм искусство музейинде 1978-жылдын 5-октябрында Пишпек-Фрунзенин 100 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылган. С. Чуйков, Г. Айтиев, А. Михалев, А. Игнатьев сыктуу республикалык сүрөтчүлөрдүн калеминен жаралган сүрөттөр социалисттик реализм нугунда тартылып, анда табият жана эмгек темасы даңазалаган.

Ош шаарынын 3000 жылдык салтанатын белгилөө 2000-жылдын 5-октябрында соңуна чыккан. Санкт-Петербургдук археолог, профессор Ю. А. Заднепровскийдин аныктоосуна жараша Ош шаарынын башаты мындан 3000 миң жыл илгери түптөлгөндүгү көрсөтүлүп, президенттин жардыгы менен шаар майрамы 2000-жылдын октябрь айынын башталышында белгиленген. Салтанат алкагында Ош шаарынын тарыхы, маданияты, археологиясына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. Айрым адистердин айтымында, Ош шаарынын майрамы мамлекеттик салттын калыптанышына жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоо максатын көздөгөн.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстандын Толук ыйгарым укуктуу элчиси Медеткан Шеримкуловго 2004-жылдын бул күнү «Достук» ордени тапшырылган.

М. Шеримкулов убагында «легендарлуу» Жогорку Кеңешти жетектеп, анын парламент аралык байланышты чыңдоого кошкон салымы, Шериктештик өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын жогорку сыйлыгы менен бааланган.

5-октябрь – Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алган. Ошентип мугалимдердин эмгек тартибин аныктаган биринчи эл аралык документ иштелип чыккан. Бул күн жүздөн ашык өлкөдө белгиленет.

Христофор Колумб 1502-жылдын 5-октябрында Коста-Риканы ачкан.

Англис саякатчысы Жорж Ванкувер 1793-жылдын 5-октябрында Канаданын Нутка аралына келген.

Англиядагы биринчи медициналык «Ланцет» журналы 1823-жылдын 5-октябрында чыккан.

Болгар князы Фердинанд 1908-жылдын 5-октябрында Болгариянын эгемендигин жар салып, падышалык макам алган.

Лондондогу эл аралык ПЕН-клуб 1921-жылдын 5-октябрында ачылган.

Эрнест Хемингуэйдин «Биздин убакта» аттуу китеби 1925-жылдын 5-октябрында Америка Кошмо Штаттарында жарык көргөн.

Жазуучу Максим Горькийди ууландырган деген айып менен доктор Дмитрий Плетнев 1938-жылдын 5-октябрында камакка алынган.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиянын XIX съезди 1952-жылдын 5-октябрында Москва шаарында ишин баштаган. Партия съездинде ВКП (б) КПСС аталышына өзгөргөн.

Югославия менен Италия 1954-жылдын 5-октябрында Триестанын айланасындагы талаш аймакты ич ара бөлүп алууга жетишкен.

Советтер Союзу 1991-жылдын 5-октябрында Эл аралык фонд менен кызматташуу туурасындагы биринчи келишимге кол койгон.

Президент Б. Ельцин 1993-жылдын 5-октябрында Орусиядагы оппозициялык партиялар менен гезиттердин ишкердигине тыюу салган.

Гроссмейстер Владимир Крамник менен дүйнөдөгү күчтүү компьютер «Дип Фриц» ортсундагы шахматтык таймаш 2002-жылдын 5-октябрында Бахрейнде башталган.
8.2K views10:12
Ochish/sharhlash
2021-09-29 03:59:46 Орусиянын президенти Борис Ельцин 1993-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаттарынан Ак Υйдү 4-октябрга чейин бошотууну талап кылган.

Москва шаарындагы МГУнун журналистика факультетинин имараты 1994-жылдын 29-сентябрында күйгөн. Тилсиз жоо 2-3-кабатты кучагына алып, жалпы жонунан 400 чарчы метр күйүп кеткен.

Жапонияда 1998-жылдын 29-сентябрь күнү башталган каржы кризиси Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң көлөмдүү алааматка алып келген.

https://t.me/Taryx_Baraktary
6.5K views00:59
Ochish/sharhlash
2021-09-29 03:59:46 Кыргыздар менен кыпчактардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү 1875-жылдын сентябрь айында кулач жайган. Лейлектен чыккан Пулат кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган.

Көтөрүлүш жалпы жонунан хандыкка каршы багытталып, эркиндикке умтулуу мүнөзүнө карабастан аталган аймакта үстөмдүк орнотууну эңсеген Орусия империясы үчүн да олуттуу коркунуч жараткан. Генерал Кауфман 1875-жылдын 29-сентябрында генерал-майор Троцкийге жазган катында “эгер Пулатханды колго түшүрсөм, аны генерал-губернатордуктун атынан дарга асам” деп убада берген.

Советтик археологдор 1930-жылдын бул күндөрү Таластан табылган нумизматикалык эстеликтердин баалуулугун аныктоо багытында иштешкен. Талас кантонунан Фрунзеге алып келинген 660 күмүш акча XIV кылымга таандык экендиги аныкталып, мындай үлгүдөгү нумизматикалык материал Эрмитаж, ал түгүл Британия музейлеринде жок экендиги белгилүү болгон.

Индия киносунун Кыргызстанда өткөн бир жумалык фестивалы 1954-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Борбордун «Ала-Тоо», «Ударник» жана Маданият министрлигинин кинотеатрларында индиялык маданият чеберлерининин чыгармалары көрсөтүлүп, «Селсаяк» сыяктуу тасмалар көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

Кыргыз эл жазуучусу, республикалык киноматографисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов 1978-жылдын бул күнү Ленин ордени жана «Орок жана Балка» Алтын медалы менен сыйланган. Советтик жазуучулар арасынан Чыңгыз Айтматов Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы менен сыйланган биринчи жазуучу болгон.

Бишкектеги «Ош», «Дордой», «Аламүдүн», «Орто Сай» базарларындагы контейнерлердин ээлери 2003-жылдын бул күнү иш таштаган. Нааразылык Каржы министрлиги тарабынан соода түйүндөрүндө кассалык аппараты орнотуу талабынан улам келип чыккан.

Монофизиттик көз карашы үчүн Антиохия патриархы Севир 518-жылдын 29-сентябрында синод тарабынан кызматынан кеткен.

Швейцария 1515-жылдын 29-сентябрында Франция менен Түбөлүк тынчтык келишимине кол койгон.

Генри Робинсон 1650-жылдын 29-сентябрында Лондон шаарында дүйнөдөгү биринчи үйлөнүү агенттигин ачкан.

Голландия 1650-жылдын 29-сентябрында Түндүк Америкадагы Лонг-Айленд аралына Англиянын укугун тааныган.

Белград келишимине ылайык, Орусия 1739-жылдын 29-сентябрында Осмон империясынан Азов менен Очаковду алган.

Англис спорт журналында теннис оюну туурасында биринчи маалымат 1793-жылдын 29-сентябрында жазылган.

Граф Н. П. Румянцев 1809-жылдын 29-сентябрында мамлекеттик канцлер болуп дайындалган.

Британиянын ички иштер министри Роберт Пилдин 1829-жылдын 29-сентябрь күнкү буйругу менен Лондондо жарандык полиция уюшулуп, кийин ал Скотланд-Ярдга айланган.

Англиядагы биринчи электр трамвайлар 1885-жылдын 29-сентябрында Блэкпулда жүрө баштаган.

«Гамбург» футболдук клубу 1887-жылдын 29-сентябрында негизделген.

Петербургдагы трамвай жолу 1907-жылдын 29-сентябрында салтанат менен ачылган.

«Стандарт Ойл» компаниясынын негиздөөчүсү Жон Рокфеллер 1916-жылдын 29-сентябрында дүйнөдөгү биринчи миллиардер атыккан.

Петрограддан 1922-жылдын 29-сентябрь күнү сапарга чыккан «Обербургомистр Хакен» кемеси Батышка Н. А. Бердяев, С. Л. Франк, И. А. Ильин, С. Е. Трубецкой, Б. П. Вышеславцев, А. А. Кизеветтер, М. А. Ильин (Осоргин), М. М. Новиков, А. И. Угримов, В. В. Зворыкин, Н. А. Цветков, И. Ю. Баккал, МВТУ профессору В. И. Ясинский сыяктуу философторду алып кеткен. Тарыхта бул сарап «Философия кемеси» деп аталып калган.

Жорж Бернард Шоу 1930-жылдын 29-сентябрында пэрдик титулдан баш тарткан.

Украин жазуучусу, бандурист Гнат Хоткевич 1938-жылдын 29-сентябрында жазага тартылган.

Эстония 1939-жылдын 29-сентябрында Балтика жээгиндеги портторун Советтер Союзунун кемелеринин колдонушуна уруксат берген.

Токио соту 1943-жылдын 29-сентябрында советтик чалгынчы Рихард Зоргене жазага тарткан.

Советтик «К-181» суу астында сүзүүчү атомдук кеме 1963-жылдын 29-сентябрында Түндүк уюлдан чыккан.

Чукотка Автономиялык округу 1990-жылдын 29-сентябрында Магадан областынын курамынан чыгып, өзүн республика деп жарыялаган.
5.7K views00:59
Ochish/sharhlash
2021-09-29 03:59:32
4.0K views00:59
Ochish/sharhlash
2021-09-25 11:43:09 1875-жылдын 25-сентябрында генерал Кауфман Кокон ханы Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулатханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган. 1916-жылдын 25-сентябрында кыргыздар үчүн жайгашууга тыю салынган райондор так көрсөтүлүп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көрсөтмө берилген.
1864-жылдын 25-сентябрында Россия империясы менен Кытай мамлекетинин ортосунда чегара маселесин тактаган Чугучак келишимине кол коюлган. Келишимге ылайык кыргыз-кытай чеги аныкталып, тоо кыркасы жана суулар аркылуу бөлүнгөн жана эки тарап тарабынан такталган чегара картасы алмашылган.


1875-жылкы кыргыздар менен кыпчактардын Кокон хандыгын каршы көтөрүлүшү сентябрь айында жаңы чекке көтөрүлдү. Лейлектен чыккан Пулат кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган. Насреддин хандын бийлигин тааныбаган кыргыздар Анжыяндын кашындагы Пута кара жергесине чогулуп, Пулатты ак кийизги салып хан көтөрүшкөн. 1875-жылдын 25-сентябрында генерал Кауфман Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулатханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган.

1916-жылкы көтөрүлүштөн кийин, Түркстан генерал-губернатордугу айрым райондордо кыргыздардын жайгашуусуна тыю салган көрсөтмө кабыл алган. Ага ылайык пишпектик жана пржевальскилик козголоңчулар үчүн Текес, Ысыккөл, Столыпин районунда жана Александровск кырка тоосуна кайтып келүүгө чек коюлган. Муну менен бирге, аларга Нарын шаарынын сыртынан орун алууга үмүттөндүрүү керектиги белгиленген. 1916-жылдын 25-сентябрында кыргыздар үчүн жайгашууга тыю салынган райондорду так көрсөтүп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көрсөтмө берилген.

1932-жылдын бу күндөрү илим коомчулугу Соңкөлдүн тагдырына чындап бушайман болушту. Айрым борбордук ирригаторлор Соңкөлдүн суусун Чүй өрөөнүнө буруп, сугат ишине пайдаланууну сунуш кылышса, кээ бирлери аны Жумгал аймагынын айыл чарбасын көтөрүүгө колдонууну жактап чыгышкан. Долбоорду жүзөгө ашырууга арбын каражат талап кылынгандыктан, жосунсуз долбоор жүзөгө ашкан эмес.

1942-жылдын бу күнү миңдеген кыргызстандык жумушчулар, дыйкандар жана кызмачылар Чоң Чүй каналынын курулушуна «жигердүү эмгегин» арнашты. Фрунзе шаардык ВКП (б) комитетинин чечимине ылайык Чүй каналынын курулушу стратегиялык мамлекеттик кызыкчылык деңгээлине көтөрүлгөндүктөн, бардык аң сезимдүү адамдардын эки жума бою адал эмгегин арнашы талап кылынган.

Бу күнү, 1493-жылы Христофер Колумб Американы карай экинчи сапарга чыгып, 1818-жылы Англияда биринчи жолу адамга кан куюлуп, 1935-жылы СССРде нандын баасы арзандап, 1644-жылы даниялык астроном, биринчи жолу жарык ылдамдыгын эсептеген Оле Ремер, 1765-жылы польяк композитору Михаил Огинский, 1866-жылы америкалык биолог, генеика илиминин негиз салуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Томас Морган, 1920-жылы советтик кинорежиссер Сергей Бондарчук жарык дүйнөгө келген.

https://t.me/Taryx_Baraktary
5.9K views08:43
Ochish/sharhlash
2021-09-23 06:59:11 Совет мамлекети ураардын акыркы жылдары союздук республикаларда улуттук сезим күч алып, тарых, маданият жана тил маселесине айрыкча көңүл бурула баштаган. Кыргызстан да бул ургаалдан сыртта калбай, өлкөдө демократиялык көз караш кеңири тарай баштаган.

Улуттук интеллигенция тил маселесин көтөрүп, борбор шаардагы мектептерде, мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили таптакыр колдонуудан калгандыгын жар салышкан. Улуттук интеллигенциянын сүрөөсү менен көтөрүлгөн маселе коомчулуктун көйгөйүнө айланып, акыры Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында «Мамлекеттик тил туурасындагы» мыйзамды кабыл алган.

Мыйзамга ылайык кыргыз тили мамлекеттик статус алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуш тартиби такталган.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны 2004-жылдын 23-сентябрында Бишкек шааырнда өткөрүлгөн. Өкмөт башчылары тогуз пункттук маселенин тегерегинде пикир алмашышып, көп тармактуу соода-экономикалык кызматташтык программасын аткаруунун планын талкуулашкан.

Бишкекте өткөн жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин классификациялоонун жобосу, уюмдун 2005-жыл өчөн каралган бюджети, уюмду каржылоонун абалы, фонду, ишкердик кеңеш, катчылыктын жана антитеррордук борбордун 2004-жылдагы чыгымдарын кайра бөлүштүрүү өңдүү орчундуу маселелер тегерегинде пикир алмашуулар жүргөн.

Өкмөт башчыларынын Биргелешкен коммюникесинде Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы алаканы тереңдетүү жана өнүктүрүү, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү маселелерине басым жасалган. Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйынына Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытайдын өкмөт башчылары, Өзбекстан менен Тажикстандын вице премьер-министрлери катышкан.

Кыргызстандын мурдагы баш прокурору Азимбек Бекназаровдун интервьюсу «Агым» гезитинин 2005-жылдын 23-сентябрында чыккан санына жарыяланган. Анда ал Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдары менен кылмыш чјөйрөсү аралашып кеткендигин, айрым жерлерде кылмыштык топтор мамлекеттик структуралардын кемчиликтерин жакшы билгендиктен аларды каалагандай жетелеп алгандыгын коомчулукка кабарлаган.

Президент К. Бакиев 2005-жылдын 23-сентябрында «Интербилим» борборунун директору Асия Сасыкбаева, «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фонддун президенти Раиса Кадырова, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдырасулова, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов менен жолугушуп, Конституциялык кеѕешменин иши, өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикир алмашкан.

Жолугушууга катышкан Э. Байсалов, Президентке биз өлкөдөгү кылмыштуулуктун көбөйүп, коррупциянын кучак жайып баратканын жана жаңы бийликке элдин ишеними кетип бартканын айтып, ошондой эле президенттин уулу Максим менен бир туугандарынын айланасындагы коомчулукта айтылып жаткан ар кандай пикирлерди малекет башчысына кулак кагыш кылгандыгын билдирген.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык алака-байланыштарынын 15-жылдыгына арналган салтанат 2007-жылдын 23-сентябрында белгиленди. Фестивалдык салтанат Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында өткөрүлүп, анын ишине жапониялык “Global Beauty Co. Ltd.” компаниясы баш болгон алтымыштан ашык өкүл катышкан.

https://t.me/Taryx_Baraktary
6.5K views03:59
Ochish/sharhlash
2021-09-23 06:58:45
5.4K views03:58
Ochish/sharhlash