Get Mystery Box with random crypto!

САПАТТУУ УЙКУ Сабак аткарып жатканда чарчоо же алсыроо болобу | КИТЕП ДҮЙНӨМ 🕊️📚

САПАТТУУ УЙКУ

Сабак аткарып жатканда чарчоо же алсыроо болобу? Китеп окуп жатып, тестиңди иштеп жатып жөн эле уктап кетесиң?..

Мындай учур менде да болгон. Көрсө, бул адамда физикалык энергиянын жоктугунан кабар берет экен. Ал эми физикалык энергиянын негизги булагы - уйку! Бирок уктаганда жетиштүү энергия алуу үчүн уйку сапаттуу болушу зарыл.
~ Эгер уйку жетишпесе, мээдеги ой-жүгүртүү(логика), эс-тутум, концентрация сыяктуу когнитивдик функциялары жабыр тартат. А бул функциялар бизге учурда эң зарыл эмеспи?

Бул постто, дал ошол уйкунун сапатын арттыруу үчүн зарыл болгон кеңештер айтылат. Аш болсун!

6-7-8 саат уйку. 6 сааттан аз эмес, 8 сааттан көп эмес. Так сааты ар кимибиздин организмибизден көз каранды. Бирок, менимче, бизге 6 саат эң ылайыктуу.

Уктардын алдын 1 - 1,5 саат телефон ж.б. экрандарды карабоо зарыл. Анткени, экрандан көргөн визуалдык маалыматтар мээнин активдүү болушуна шарт түзөт, жыйынтыгында уктоо оор болот.

Уйку гормону - мелатонин. Кечки 23:00дөн баштап бөлүнө баштайт экен. Эгер ал учурда адам ойгоо болсо, бул гормондун бөлүнүп чыгышына тоскоол болот. Жыйынтыгында, уйкудан алынчу энергия толук болбой калат. Ошого 23:00го чейин уктоого аракет кылабыз!

Мелатонин гормонунун бөлүнүп чыгуусунун дагы бир шарты - уктаган бөлмөнүн капкараңгы болушу. Андай болбогон учурда, мээ иштөөсүн уланта берет, толук эс ала албайт.

Тамактануу. Биз жеген азык-зат 3-4 саатта толук сиңип бүтөт. Сапаттуу уйку үчүн тамак сиңгенден кийин гана уктоо зарыл. Б.а. уктарга 3-4 саат калгандан кийин тамактанбоо керек. 10до уктай турган болсок, минимум 7ден кийин эч нерсе жебеш керек деген сөз. Өзгөчө ундан, майлуу, ачуу жана таттуу азыктар.

Уйкудан алдын бардык мээни оорлоштуруп жаткан кыжаалатчылыктардан, негативден арылуу керек. Бул үчүн ичиңдеги бардык ойлорду кагазга түшүрүп, мээни "тазалап" алсак болот. Блокнот же дептерге түшүрүү адамды тынчтандырып, "со спокойной душой") уктоого жардам берет.

Китеп окуу. Уктарга чейин 1 саат алдын телефонду ары коюп койсок, 1 саат эмне кылабыз? Китеп окуйбуз! Мээни эс алдырат, тынчтандырат жана жагымдуу маанай тартуулайт!

Пост пайдалуу болду деген үмүттөмүн!

@nurastudy