Get Mystery Box with random crypto!

СУРОО. Эмне үчүн Ашура түнүн ӨЗГӨЧӨЛӨП тахажжуд окуса болбойт? | ИсламЖолу

СУРОО. Эмне үчүн Ашура түнүн ӨЗГӨЧӨЛӨП тахажжуд окуса болбойт? Бул нерседе зыян жок го.

ЖООП. Ашурага байланыштуу хадисте бир гана орозо тутуу айтылган, башка ибадаттарды кылуу буюрулган эмес. Демек, ким Пайгамбар ﷺ буюрбаган ишти аткарган болсо – ал динге жаңылык (бидаат) киргизген болот, амалы Аллах алдында кабыл эмес, өзүнө болсо күнөө жазылат.

Пайгамбар ﷺ айтты: “Кимде ким биздин ишибизге (динибизге) анда жок жаңы нерсе киргизсе — ал кайтарылат”, жана дагы айткан: “Кимде ким биздин буюругубуз болбогон нерсени [дин деп] аткарса — ал кайтарылат”, о.э. айткан: “Диндеги жаңы нерселерден сак болгула, чынында ар бир жаңылык бидаат, жана ар бир бидаат адашуу”.

—== 【 Шариат эрежеси 】=—
«Кайсыл бир нерсени Пайгамбар ﷺ дин деп АТКАРБАГАН болсо, демек аны аткарбаш керек»

Бул эреже тууралу айтууда ханафи мазхабынын имамдарынын бири Мулла Али ал-Кари (1014 х/ж) мындай деген:
«Пайгамбарга ﷺ ээрчүү – анын жасаган нерселерин жасоодо да, жана ал жасаБаган нерселерди таштоодо да турат. Ушунун негизинде ким мыйзамдаштыруучу (т.а. Пайгамбар ﷺ) жасабаган амалды жасоодо туруктуулукту көрсөтсө (б.а. ар дайым ошону жасаса), ал бидаатчы болуп табылат» («ал-Миркат» 1/41, 95).

Ошондой эле дагы бир ханафи аалымы Ахмад ар-Руми (1043 х/ж) мындай деген:
«Эгер кандайдыр бир амалды жасоого муктаждык болгон кезде, аны жасоого эч нерсе тоскоол болбогон тушта – Пайгамбар ﷺ ошол амалды жасаБаган болсо – анда биздин бул нерсени жасашыбыз Аллахтын динине жаңылык киргизүү болуп табылат»

#бидаат #манхаж #ашура

https://t.me/islamjolu/4544