Get Mystery Box with random crypto!

АЛЛАХТЫН АЙЫ - МУХАРРАМ - КЕЛЕ ЖАТАТ! Быйыл 2022-ж. Мухаррам | ИсламЖолу

АЛЛАХТЫН АЙЫ - МУХАРРАМ - КЕЛЕ ЖАТАТ!

Быйыл 2022-ж. Мухаррам - 29/30-июль башталмакчы.

Бул айда эмне ибадат кылынат?
! Бул айда орозо тутуу мустахаб экени тууралуу хадис келген.
Аллахтын элчиси (соллаЛлооху 'алейхи ва саллям) айтты:
Рамазан айынан кийинки эң абзел орозо бул - Аллахтын айы - #Мухаррам айындагы орозо. Парз намазынан кийинки эң жакшы намаз бул - түнку намаз” (Муслим: 1163).

Бул айда канча күн орозо тутуу керек?
! Канча күн орозо тута алса ошондо жакшы. Айдын баарын же көпчүлүгүн тутса да болот. Бул күндөрдүн эң сооптуусу - Ашура күнү?

Ашура күну деген эмне?
! Мухаррамдын онунчу числосу - #Ашура күнү деп аталат ('ашаро - "он" деген сөздөн). Бул күнү Аллах Таала Муса жана анын элин Фараондон куткарган эле. Ага шүгүр ирээтинде Муса пайгамбар орозо тутчу. Мухаммед пайгамбар ﷺ да бул күнү орозо тутууну бизге үйрөткөн. Бирок жөөттөрдөн айырмаланып туруш үчүн анын алдынкы же кийинки күнү кошо орозо тутууга буюрду.

Ашура күнүнүн кандай соопчулугу бар?
! Бул майрам күн эмес. Болгону бул күнү орозо кармоо тууралуу хадис келген. Ким бул күнү орозо тутса 1 жылдык күнөөлөрү кечирилет делет.

Ашура күнүн кандай бидааттары бар?
! Ар бир эле ибадатка шайтан бидаат киргизгенге аракет кылгандай, Ашура күнүнө да бидаат киргизди.
Пайгамбарыбыздын ﷺ небереси Хусейндин өлүмү ушул Ашура күнүнө туура келгендиктен, Шииттер бул күндү аза жана ый менен өткөзүшөт, өзүн өзү сабап жахилия иштерин аткарышат.
Башка бир адамдарга болсо шайтан бул күндү майрамдоону кооз көрсөтүп, Пайгамбар ﷺ да, сахабалар да кылбаган иштерди кылышат.
Бул эки тайпанын тең кылгандары таза Исламга тиешеси жок. Алардан четтөө зарыл.

https://t.me/islamjolu/4535