Get Mystery Box with random crypto!

ЭҢ ЧОҢ ПАРЗ. Кандай жакшы ал-жайыңды сураса, Көңүлүңдү чөгүп т | Фирдаус Аль-Амиин

ЭҢ ЧОҢ ПАРЗ.
Кандай жакшы ал-жайыңды сураса,
Көңүлүңдү чөгүп турса, уласа.
Ага-ини же башкабы, жакын бир,
Мусулмандык парзын кылып кураса.

Бирок, милдет кыз балага зыярат,
Бара албаса болот экен кыянат.
Колдон келсе ал жай сурап туралы,
Бейишке да сооп иштер куралат.

Жакын достук өтө исламда бааланат,
Достор гана соопторун бере алат.
Ата-эне, уул-кызы суракта,
Алсыз болуп жардамы жок такалат.

Ошондуктан көбөйүп чын досторуң,
Жакшылыкта, жамандыкта коштогун.
Көңүлдөрдү көтөрөлү чөктүрбөй,
Достук ыйык, жакшы, салым кошконуң.

Тууган, доспу, баарын ал-жай сурайлы,
Мусулмандык мамилени куралы.
Бул өмүрдө байлыктарга карабай,
Парзыбызга көңүлдү да буралы.
12:45 23 05.21
Асан Мурзабеков.

Телеграм катталыңыз. https://t.me/firdausAlAmiin