СУРОО-ЖООП СУРОО : Кредит жана пайызга акча берүү эмне үчүн | ⚜🕋 БЕЙИШ МЕДИА 🕋⚜
СУРОО-ЖООП
СУРОО : Кредит жана пайызга акча берүү эмне үчүн арам болоорун толугураак айтсаңыз.
ЖООП : Аллах Таала сооданы адал, сүткордукту арам кылды. Бир түрдүү нерселерди бири-бирине саткан учурда теңме-тең сатуу керек. Артыкча сатып пайда табуу арам. Мисалы, алтынды-алтынга, тарууну-тарууга, буудайды-буудайга, акчаны-акчага ж.б. сатканда кайсы биринен ашыкчалыкты талап кылса сүткордук болот.
СУРОО : Банктын акча которуу бөлүмүндө иштесе да күнөөбү ?
ЖООП : Акча которуу жаатында иштөө күнөө эмес. Пенсияны, айлыктарды берген жаатта иштеген да күнөө эмес.
СУРОО : Кредиттен түшкөн пайдадан бей-бечараларга жардам берсе болобу ?
ЖООП : Жардам адал оокаттан берилсе сооп. Арам оокаттан берилсе сооп болбойт.
СУРОО : Ламбардтан машина сатып алса болобу?
ЖООП : Болбойт, берекем намаз оку !
Катталыныз
https://t.me/beyishimkg