Get Mystery Box with random crypto!

Анстан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в): 'Мен силерге бейиш | Ыйман нуру😊🕌🕋

Анстан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в): "Мен силерге бейишке татыктуу аял ким экенин айтайынбы?" - деди. Биз " Созсуз, айтыныз, Оо, Аллахтын элчиси!" -дедик.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: Күйөөсүн сүйүүчү, көп бала төрөөчү. Эгер анын күйөөсүнүн ачуусу келсе, же ага бир жаман сөз айтса, же андан күйөөсү нааразы болуп калса, анда ал (күйөөсүн ыраазы кылуу үчүн) " Менин колум сиздин колунузда, сиз ыраазы болмоюнча мен уктабаймын" -дейт".
Пайда: Бул хадисте Бейишке татыктуу аялдын сапаттары баяндалды. Бейишке бара турган аялда ушул сапаттар табылат:
Жары менен таттуу махабатта болот. Жолдошунун бир аз конулу чогуп калганына анын тынчы кетет. Анык суйуусу, тынчтануусу, сулуулугу куйоосу менен болот. Дайыма жанына жан-шерик болуп, оюна башка эч кимди илбейт.
Коп тороочу аял. Коп торогон аял мактоого ылайыктуу. Аллах жана анын элчисинин алында суйкумдууроок. Себеби, Пайгамбарыбыз (с.а.в): "Коп торой турган аялга уйлонгуло. Мен силердин коптугунордон кыямат куну мактанамын" -деп айткан.