Get Mystery Box with random crypto!

​​ БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Сил | ⚜СҮННӨТ МЕНЕН ЖАШОО⚜

​​ БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Силерден ким бут кийимин кие турган болсо, оң бутунан баштасын, эгер чече турган болсо, сол бутунан баштасын. Ошондой эле экөөсүн бирдей кийип жүрсүн же экөөсүн бирдей чечип жүрсүн». | Сахих Муслим 2097
 
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бут кийим кийүүнүн адеби туурасында айтты. Тагыраак айтканда, ким бут кийим кие турган болсо, анда оң бутунан баштоосу керек. Ал эми чечкенде, сол бутунан баштап чечет. Ошондой эле бут кийим кийгенде эки бутуна тең кийиш керек же экөөсүн тең чечиш керек. Бир бутуна гана бут кийим кийип басуу шайтандын басыгы болуп эсептелет. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айткан:

«Аллахтын элчиси ﷺ бир бут кийим менен жүрүүдөн тыйган жана «шайтан бут кийимин бир (бутуна эле) кийип жүрөт» – деп айткан». | Ат-Тахави, «Мушкил аль-Аасар», 2/142
 
Анткени бир бут кийим менен жүрүү адамдын кадыр-баркына шек келтирет, чалынып кетиши мүмкүн же сырттан караган адамга сылтып баскандай көрүнүшү мүмкүн. Ошондой эле адам башкалардын көңүлүн өзүнө буруш максатта кылуусу да мүмкүн. Шариятта мындай кылуу тыйылган.

БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН СҮННӨТТӨРҮ:
 
1)  Оң буттан баштап кийүү.
2)  Сол буттан чечүү.
3)  Бут кийимди отуруп кийүү.
4)  Бут кийимди эки бутуна кийүү же экөөсүнөн тең чечүү.
 
Кимде-ким бут кийим кийгенде ушул сүннөттөрдү аткарса, анда ал адамга СООП жазылат. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу