Get Mystery Box with random crypto!

ӨЗҮМДҮН КУРСУМДУ АЛЫП ЧЫККЫМ КЕЛЕТ, ЭМНЕДЕН БАШТАЙМ? Дайындоо | НУРИЗА МАМЕТ

ӨЗҮМДҮН КУРСУМДУ АЛЫП ЧЫККЫМ КЕЛЕТ, ЭМНЕДЕН БАШТАЙМ?

Дайындоо учурун 2 структурага бөлүүгө болот:

1. Руханий жактан даярдык(психология, мышление, установкалар ж.б.)
2. Стратегиялык жактан даярдык.

Бүгүн руханий жактан даярдык темасын казалы. Андан соң стратегияга киребиз.

Руханий бул затында НАФС (Я, Его ж.б.) Дээгеле илибой нерсени баштоордо нафс менен келишим түзбөсө анда, ал нерсенин узакка баруусу кыйын.

Кадам-кадам менен кетсек:

НАФСТЫ ЫНАНДЫРУУ
1. Эмнеге курс ачышыңыз керек?
2. Учурдагы абалыңызга канчалык деңгээлде маанилүү?
3. Жыйынтыгында эмнеге ээ болосуз?

Суроолорго так жооп болсо, демек нафс бул нерсенин азыркы абалыңызда маанилүү экенин кабыл кылат!

КАРШЫЛЫКТАР МЕНЕН ИШТӨӨ
1. Ачалбай калсамчы?
2. Колумдан келеби?
3. Уят болуп калсамчы?
4. Эл эмне дейт?
5. Окуучуларга татыктуу билим бере аламбы?
6. Үйдөгүлөр кабылдайбы? ж.б. мээге келген иллюзия коркуулары!

Бул каршылыктар сиз илибой нерсени баштаарда келет жана жашообуздун ар бир учурунда болот. Бул нерсени нормалдуу көрүнүш катары кабылдаңыз.

Карышылыктардын аз же көп, татаал же жеңил болуусу сиздин буга чейинки жашооңуздан көз каранды. Башкача айтканда:
⁃ характер
⁃ эп
⁃ жөндөм
⁃ тарбия
⁃ адаттар
⁃ билим
⁃ тажрыйба
⁃ чөйрө
⁃ өзүңүзгө болгон ишеним

Канчалык өзүңүздү жакшы таанысаңыз, ошончолук ар каршылыктар аз жана жеңил болот, же, аларга жооп табуу оңой болот

Эми маселенин баары ушул каршылыктарды жаба албай, аларга байланып, болбогон коркуулардын торунда жүргөндө болуп жатпайбы.

Канча нерсе кылайын дейбиз, бирок, бул ойлорлун торуна түшүп ал нерселер кыял боюнча эле кала берет…

Бул учурдан чыгууну негизи идеалдуу формуласы жок, ар бир адам өз алдынча, өз жолунун негизинде чыгат.

Көбүнчө ушул 2 жол менен чыккан адамдарды көрдүм:
1. Эч нерсеге маани бербейт, эч кимди укпайт, только жасай берет. Жана бир канча жолду басып өткөн соң аны маңыздап, түшүнөт.
2. Ар бир кадамын ойлонуп, ар бир оюу менен эсептешип, маңыздап, мерчемдеп жасайт. Андан соң анан процесске кирет.

Мен 1-типке кошулам. Эгер, бир нерсени кааласам эч нерсеге карабай ал нерсени ишке ашырам, андан соң отуруп алып маңыздайм))

Кайсы жолду тандайсыз албетте, бул сиздин тандооңуз Эгер, көптөн бери курс ачууну каалап, бирок каршылыктардан улам ишке ашыра албай жүргөн болсоңуз анда 1-жолду тандооңузду сунуштайм

Ошоо, алтындарым. Башкы нерсени эсиңизден чыгарбаңыз Аллах берген сыноо дагы, белек дагы сиз үчүн, аны сиз гана сезип, сиз гана басып өтө аласыз

Келиштикпи ?