Get Mystery Box with random crypto!

Соңку күндөрү боордош Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндү | Насаат Медиа (расмий канал)

Соңку күндөрү боордош Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүгүндө орун алган жер титирөө кыргыз коомчулугунун да кабыргасын кайыштырып, терең ойго салды. Түркиянын соңку 100 жылдык тарыхында бул эң ири зилзала катары катталды. Учурдагы эле маалыматтарга ылайык каза болгондордун саны 8500, жарат алгандардын саны 35 000, кулаган имараттардын саны 70 000, түздөн-түз жана кыйыр түрдө жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 12 млндон ашты.  Кыргыз Республикасынын башчысы Түркияга 63 кишиден турган куткаруучулардын тобун жөнөттү. Өлкө жарандары болсо өз жардамын аябай, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп жатат. “Аракет” элдик кыймылынын демилгеси менен  бүгүн 08-февраль күнү Бишкек шаарындагы Түркиянын элчилигинин алдында жер титирөөдөн жабыркагандарга  Куран окулуп, расмий элчиликке жана түрк элине кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтылды. Буга кошумча эки элдин тарыхий карым-катнашы жөнүндө кеп козголуп, Чүй өрөөнүндө 1911-жылы болуп өткөн чоң жер титирөөдөн кийин Осмон түрктөрүнүн алгачкылардан болуп жардам бергендиги баса белгиленди.
Мунусунда жардам колун сунуу кезеги бизге келди, урматтуу кыргыз калкы. Жалпы өлкө жарандарына элчилик ачкан банк эсебине жана төмөндөгү электрондук капчыктарга акчалай жардамын которо алат. Ал эми кийим-кече, жууркан-төшөк жана керектүү буюмдарды жардам иретинде берем дегендер Түркия элчилигине же болбосо Бишкек шаарынын борбордук “Имам Сарахси” атындагы мечитине тапшырса болот. Ал эми жалпыбыз Куран окуп, өткөндөргө багыштап дуба кылалы!
Жараткан боордош түрк элинин мүшкүлүн жеңил кылсын, каза болгондорго Өз ырайымына алсын. Ал эми жабыркагандарга тез арада шыпаа насип этип, туугандарынан ажыраган бир туугандарыбызга сабыр берсин! Кыргыз эли ар дайым түрк элинин жанында! Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз!