Get Mystery Box with random crypto!

ЖРТнын жыйынтыгы да чыкты. Бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктайм. Б | Үй-бүлө🌝💦

ЖРТнын жыйынтыгы да чыкты. Бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктайм.
Бардык нерсе аракеттен көз каранды, бирок кээде сага жакшы болгону ошол болот. Жыйынтыгыңарды көрүп шок болуп, башкаларды күнөөлөп,же асманга учуп, астын-үстүн болуунун кереги жок.
Шүгүр дегиле,  план түзүүчүгө ишенгиле♡.
Эми кээ бир бүтүрүүчүлөр кайда барарын, ким болорун чечип койду,  а кээ бири дагы эле эки айры ойдо. Же өзүн, же ата-энесин кыя албай жаткан учуру.

Силерге баштан өткөн кеңештер: өзүңөргө карагыла, башкача айтканда өзүңөрдү аз да болсо тааныганга аракет кылгыла,  бул нерсени баштасам бүтүрө аламбы, бүтүргөнүм менен алып кете аламбы,  күчүм жетеби, нафсимди башкара аламбы, макул, башкалардын каалоосу деп окуп баштадым, кийин өзүм каалаган жерге окууга күчүм жетеби, же өзүм каалап бул жакка тапшырсам аягына чыгып, 4-6 жылдык эмгегимдин үзүрүн көрө аламбы, ошол окуган окуум боюнча иштеп кетемби, айтор ушул сыяктуу кичинекей суроолордун үстүндө бир аз ойлонуп анан кадам таштасаңар жакшы болот.
Анткени өзүм да окууну жаңы бүтүп эми эмне кылам деп баш катырган курсташтарымдын өкүнүчүнө күбө болуп турам. Кээ бири өзү каалап келип бирок келген сфера алар үчүн эмес экенин түшүнүп, баштаган окуусун таштагысы келбей бүтүрүштү, айрымдары тескерисинче каалабай келип өзүн бул сферадан тапты, кээ бири достору келгени үчүн кошулуп келген, башкасы бирөө кызыктырганы үчүн же университетке кызыгып,  дагы бири ата-энесинин көңүлүн кыя албай келген. А өкүнүч, кубаныч окшош. Негизи барат экен, окуйт экен деп эле тапшырып албай аны аягына чыгууну да ойлонгула.

Албетте, жашсың, башка жактан иш баштайсың, өзүңдү табасын, же окууңдун ортосунда профессияңды алмаштырып жибересин, туура эмес окуу жайды тандоо баары бүттү дегендик эмес. Эми карап көр, сен убактыңды коротуп жатасын, канча эмгек, акча, аракетиң, нерв клеткаларың, уктабай чыккан түндөрүң, сага болгон үмүт, келечектеги пландарың. Ушунун баары чаң басып жатуучу диплом үчүнбү, бул ушуга арзыйбы, окууңду бүтүп чет жерге кара жумушка кетесиңби....???

Айтышатко, бир нерсени көргөн адамдын айтканын кылбасаң да угуп койгон дурус, алардын көргөнүн көрүп, анан баштоо колуңдан келбейт деп. Ошол сыяктуу жогоруда айтылгандарды окуп, бөлүшүп койгула, пайдасы тийсе кубанам

~Жолдошева А.