Get Mystery Box with random crypto!

Саламатсыздарбы Урматтуу катышуучулар. Конкурстун үчүнчү бөлүм | МУГАЛИМ ДОЛБООРУ 3

Саламатсыздарбы Урматтуу катышуучулар. Конкурстун үчүнчү бөлүмү уланып жатат. Бул бөлүм кандай жыйынтыкталаарын баарыңыздар билесиздер. Жөнөткөн ВИДЕОСАБАКТАРДЫ калыстар тобу карап 80 упайга чейин баалашат калган 20 упайды YOU TUBE каналдан чогулта аласыздар..

ВИЛЕОСАБАКТАР you tube каналга жүктөлгөн күндөн тартып 15 күн активдүү турат 15 күндөн кийинки көрүүнүн саны лайк, ой пикирлер каралбайт.
Сабактар каналга эрте жүктөлдү кеч жүктөлдү деген ой болбосун ар бир сабакка 15 күн убакыт берилет.

Чыныгы аракет кылган катышуучу өтөт буйруса. Терс комментарийден коркпоңуздар эл алдына атайын коюп жаткандан кийин сөзсүз түрдө оң жана терс пикирлер айтылат. Андай пикирди өзүбүз деле башкаларга карата айтып жүрөбүз туурабы. Өзүбүзгө айтылган пикирлерди да көтөрө билели. Бири бирибизге атайын терс пикирлерди жазуудан алыс болууга чакырабыз КОНКУРСТУ адилеттүү өткөрөлү.

Баардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз.
Терең урматтоо менен: "МУГАЛИМ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ*