Get Mystery Box with random crypto!

Бүгүн сиздер менен жашообуздагы ийгиликтер тууралуу сүйлөшүүн | БАЙЕР НУРИЗА 🇹🇷🇨🇳

Бүгүн сиздер менен жашообуздагы ийгиликтер тууралуу сүйлөшүүнү туура көрдүк.

Ойлонуп көрүңүз .

Балким сиз 40, 20, 35, 18 жашта чыгарсыз. Ушул күнгө чейинки жашаган күндөрүңүзгө көз чаптырып көрсөңүз, ал жашта сиз кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз же жашооңуздун дээрлик көпчүлүгүн бүдөмүк бойдон өткөргөндүрсүз

Келиңиз сиз менен эч кандай сыйкырдуу таблеткасыз ийгиликке жетүүгө болорун далилдейли.

Кайсы жерде ийгилик болсо, ошол жерде дайыма жакшы устат болот. Сиз канчалык акылдуу, билимдүү болбоңуз, устатсыз ийгиликке жетише албайсыз.

Өзүңүздүн жумушуңуз менен сыймыктаныңыз. "Аялдардын иши" же "Эркектердин иши" деген түшүнүк жок. Жумуш бул-жумуш.

Сиздин жыргалчылыгыңыз үчүн эч ким мамлекет да,өлкө да, мыйзамдар да жоопкерчиликти өзүнө албайт.Өзүңдөн башка эч ким

Ошондуктан, “жашым өтүп калды”, “ кыла албайм” колумдан келбейт”, “акчам жок” - деген шылтоолордон арылыңыз.

Жашоом ушундай болуп калуусуна күйөө, үй-бүлөм, ата-энем күнөөлүү деп шылтоо кылбаңыз.

“Жашоо жашка жараша эмес, көтөрүп жүргөн башка жараша болот” . Азыр аракет кылыңыз, баары өзүңүздүн колуңузда! Сизди өзүңүздөн башка эч ким өзгөртө албайт