Get Mystery Box with random crypto!

... @kitepstan1 Намазга болгон муктаждыкты, зарылчылыкты сезе | КИТЕПСТАН

...
@kitepstan1

Намазга болгон муктаждыкты, зарылчылыкты сезе билүү, намазга чаңкоо, ошондой эле намазды күтүү, ага куса болуу, аны сагынуу, намазды кадимкидей сүйүү, ага ашык болуу, намазсыз жашоону элестете албоо, ал Тургай "Адам баласы намазсыз кантип жашайт?" деген суроого жооп таба албай калуунун өзү кандай гана чоң бакыт...

Намаз ушундай бир ибадат, ал бизди Аллахтын алдына алып чыгат. Намаз учурунда Аллах бизге назар салат, бизге маани берет, бизди көрүп турат, бизди Өзүнүн кулу катары кабыл алат, Ал бизди сүйөт, сүйдүрөт, дайыма сүйүктүү кылат жана биз бул чексиз кубанычты бүт сезимдерибиз менен туюп - сезебиз...

Рухубуз да, жан дүйнөбүз да, жүрөгүбүз да намаз сыяктуу ибадат менен гана эс алат, бейпилдик табат. Рухубуз намаз учурунда бул тар дүйнөдөн чыгып, чексиз ааламга карай канат кагат, чеги жок ырахатка, бакытка чөмүлөт...

Намаз - бул жүрөк менен бүткөн бойдун, рух менен дене - мүчөнүн, акыл менен мээнин толук айкалышуусу менен Улуу Жараткан Аллахка бет алуу дегендик. Намаз - бул Ага кул болуу, кулчулугубузду далилдөө дегендик. Аллахтын алдында арыз - муңубузду айтып, Ага чын жүрөктөн жалынып - жалбаруу менен жардам суроо дегендик.

Анткени АЛ - биздин тар болуп кеткен рухубуздун жападан жалгыз ээси! Анткени, АЛ - кысылып да, сыгылып да ооруган жүрөгүбүзгө жан киргизген Улуу Зат!

Намаз - бул ар бир отурумда "Ат-тахиййат" дуасын окуп жаткан кезде биз үчүн, үммөтү үчүн өмүр бою күйүп жарган сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) тили менен Улуу Жараткан Аллахка салам берүү дегендик. Андан соң сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху ъалайхи васаллам) Кудуреттүү Аллахтын ырайымын, мээримин жана жакшылыгын тилөө дегендик...

Намаз - бул ибадаттардын бардыгын өз ичине камтыган миң бир сырлуу ибадат...

Намаз - бул сөз менен түшүндүрүп бере алгыс ырахат, өзүнчө бакыт, өзгөчө жакшылык.
Айтор, жакшылыктын жакшылыгы...