Get Mystery Box with random crypto!

Я, Жаратканым менин! Бул дүйнөдө жана акыретте эмне жамандык б | КИТЕПСТАН

Я, Жаратканым менин! Бул дүйнөдө жана акыретте эмне жамандык болсо, ошол бардык жамандыктан мени сакта. Жана бул дүйнө-акыретте эмне жакшылык болгон болсо, ошол бардык жакшылыгыңды мага насип кылчы, суранам!
Өзүң нааразы боло турган иштердин бардыгынан мени алыс кылып, өзүң ыраазы боло турган иштерди кылуумду насип кыл, жана ошол иштерде мага күч-кубат берчи, суранам!
Я, Роббим! Мени арамдан сакта. Жана мага адалдан жашоо берчи, суранам!
Жүрөктөрдү бир абалдан экинчи абалга өткөрүүчү Аллахым, менин жүрөгүмдү өзүңдүн диниңе бекем кылып кадап койчу, жүрөгүмдү тазартчы, аруулачы, суранам! Менин оңолуума жардам берчи жана мени эч качан динимде алсыратпачы, Я, Аллахым, суранам!
Бардык иштериме береке берчи! Напсимдин жана шайтандын жамандыгынан сактачы.
Өзүңө муктажмын. Аябай алсызмын...
Пайдам гана тийип, жакшылыгым гана жетип, татыктуу, таза жашап өткүм келет!