Get Mystery Box with random crypto!

«Роббиң периштелерге айтты: 'Мен инсанды ылайдан жаратамын. Ка | КИТЕПСТАН

«Роббиң периштелерге айтты: "Мен инсанды ылайдан жаратамын. Качан аны жасап бүтүп, ага өз рухумдан үйлөп жан киргизгенимде, ага сажда кылгыла!" (Ошондо) Периштелердин баары чогуу (Адамга) сажда кылышты. Иблистен башкасы. Ал текеберленип, каапырлардан болуп калды. Аллах; "Оо, Иблис! Мен өз колум менен жасаган нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби же мартабалуу болуп калдың?!" - деди. (Иблис айтты): "Андан мен артыгыраакмын. Мени оттон жараттың, а аны болсо - ылайдан", - деди. Аллах айтты: "Мындан чык! Сен куулдуң! Менин каргышым сага кыямат күнгө чейин (тийет)!" (Ошондо Иблис): "Оо, Роббим! Алар кайра тирилүүчү күнгө чейин мага (аларды азгырууга) мөөнөт бер", - деди. Аллах айтты: "Албетте, сен (убактылуу) мөөнөт берилгендерденсиң. (Бирок) белгилүү бир убакытка чейин гана". Иблис айтты: "Сенин Улуулугуң менен касам ичемин: Мен Сенин (чыныгы) ыкластуу пенделериңден башка бардык инсандарды (Хидаят жолдон) азгырамын". Аллах айтты: "Акыйкатты эскертемин: Тозокту (сенин урпактарың менен) жана сенин артыңдан ээрчиген инсандардын бардыгы менен толтурамын!»

(38:71-85)