2022-08-31 23:03:19
Бейишке карай жол:
ХИДЖАБ КИЙҮҮ-КАРАҢГЫЛЫКПЫ?
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Хиджаб кийүү - Аллах Тааланын буюрган парзы. Ким Аллахтын буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен тыйылса, Анын ыраазылыгына жетээрине шек - күмөн жок.
Ал эми, ким Анын ыраазылыгына жетсе, ал пенденин Аллахтын рахматы менен сыпаттап бере алгыс неъматтары бар Бейишке киришинде шек - күмөн жок.
~Тилекке каршы азыркы заманда эже - карындаштарыбыз Аллах буюргандай, шарият көрсөткөндөй кийинип жүрүшсө.
Ислам дининен кабары жок (өздөрүн цивилизациялуубуз деп эсептеген) кээ бир адамдар аларды караңгылык, жапайылык ж.б.у.с. жаман сыпаттар менен айыптоодо.
~ Караңгылык жана жапайылык деген сөзгө токтолсок*:
~ Караңгылык жана жапайылык деген - алардын (динден кабары жок адамдардын) түшүнүгү боюнча - аял киши өзүнүн аврат жерлерин толугу менен жаап, Махрам болбогон эркектерден өздөрүн алыс алуулары, көчөгө өзүнө тарта турган, дене - түзүлүшүн сүрөттөгөн тар, ачык өңдүү кийимдерди кийбегендиги жана башка эркектердин делебесин козгогон жыпар жыттуу атырларды себинип боёнбогондугу
Ал эми, алардын заманбап деп эсептеген аялдары:
Көчөгө бардык денеси ачылган же аябай кыска, тар, ачык түстүү (бардык эркектерди өзүнө караткан) кийимдерди кийип, делебени козгогон жыпар жыттуу атырларды себинип - боёнуп башка чоочун эркектер менен кенен кол кармашып, кучакташып жүрүшкөн аялдар. Деги эле кала берсе, турмушка чыккан аялдар өзүнүн өмүрлүк жолдошуна көргөзбөгөн сулуулуктарын, аялга болгон кызыгууну арттыра турган эң жакшы кийимдерин, делебени козгой турган атырларды себинип, дене - мүчөлөрүн башка эркектерге тартуу кылып көргөзүшөт._
~ Ал эми үйдө болсо эң эле көрксүз кийимин кийип, колонсо жыттанган копол мүнөз аял.
~ Эми Сиздерге бир суроо!
Адам буту жетпеген Амазонка токойлорунда жашаган жапайы адамдардын сүрөтүн тартып бериңизчи - деп суранып калышса, эмнени тартмак элеңиз_?
*~Энеден туума жылаңач, балким кээ бир жерлерин тери менен жаап алган, аял - эркеги айырмасы жок аралаш жүрүшкөн уят деген сезимден кабарлары жок таң калыштуу көрүнүштү көз алдыңызга келтиресиз
Туурабы?
~ Андай болсо, Аллахтын өкүмүн аткарып жаткан, шарият көрсөткөндөй хиджаб кийген пазилеттүү айымдарды жапайы - караңгы - деп айтып жаткан ошол адамдар биз цивилизациялуу адамдарбыз - деп ошол жаман, арсыз нерселерге умтулуулары менен жапайы - караңгылыкка батып бара жатканын аңдап сезбей жатышабы?!
Аллах Таала аялдарды хиджаб кийүүгө буюруп, мындай деген:
"Ыймандуу аялдарга айт:
*_(Бөтөн эркектерге кумардануу менен кароодон) көздөрүн жумушсун жана жыныс мүчөлөрүн (зынаадан) сакташсын! Көрүнүп турган кооздугунан (кийиминен) башка кооздуктарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн!". ("Нур" сүрөсү: 31-аят)
Хиджаб кийүү Аллах Таала жана Анын элчисине (саллаллаху алейхи васаллам ) га баш ийүү.
~"Качан Аллах жана Анын элчиси (саллаллааху алейхи васаллам) бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт.
~ Кимде - ким Аллах жана анын Элчиси (саллаллааху алейхи васаллам ) га күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр".("Ахзаб" сүрөсү: 36-аят)
_~"Жок Раббиңе ант, алар качан өз ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким - өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча Ыймандуу боло алышпайт". ("Ниса" сүрөсү: 65-аят)
АЛЛАХЫМ БААРЫБЫЗДЫ ТУУРА ЖОЛУҢА БАШТА ЖАНА АЛ ЖОЛУҢДАН АДАШТЫРА КӨРБӨ!
Телеграм катталыңыз. https://t.me/firdausAlAmiin
286 viewsЭлдияр ФИРДАУС, edited 20:03